Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Украина: Орусиянын авиациялык чабуулунан кеминде 11 киши мерт болду


Cогушта кыйраган айылдагы үйлөрдүн бири.
Cогушта кыйраган айылдагы үйлөрдүн бири.

Украинанын бийлиги 26-январдагы орус армиясынын авиациялык соккуларынан баш калаа Киевде жана башка шаарларда бери дегенге 11 киши набыт болгонун билдирди. Орусия учурган канаттуу ракеталардын көбү асмандан атып түшүрүлгөнү кабарланды, ал эми өлкө чыгышында айыгышкан кармаш уланууда.

Чукул кырдаалдар кызматынын басма сөз өкүлү Александр Хорунжий “дрондорду жана ракеталарды колдонгон террористтик чабуулдар” деп атап, бейшембиде түшкө чейин 11 киши жараат алганын айтты. 35 имарат жабыркаганын, алардын басымдуу бөлүгү Киев облусунда экенин да кошумчалады.

Кара деңиз аймагынан атылган 55 ракетанын 47син украин күчтөрү атып түшүргөнүн Твиттер баракчасына жазды. Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын жаңы чабуулдары Украинанын президенти Владимир Зеленский Германия менен АКШ Киевге согуштук танктарды, Батыштагы өнөктөштөрү алыска уча турган ракеталарды жана аскердик учактарды бере турганын айткандан кийин башталды.

Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаага жасалган чабуулдан кеминде бир киши набыт болуп, эки адам жараат алганын билдирип, шаар калкына тышка чыкпай турууну эскертти.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү баш калаанын үстүнөн ондон ашуун ракета атып түшүргөнүн билдирди.

"Душман Киевди көздөй 15 канаттуу ракета учурду. Абадан коргонуу күчтөрүнүн мыкты аракетинен улам алардын бардыгы максатына жетпей атып түшүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграм каналына "орустардын алгачкы ракеталары атып түшүрүлдү" деп жазып, кайсы жерде экенин белгилеген жок.

Одессанын жергиликтүү бийлиги шаардын түштүк районунда эки энергетикалык объектини ракета иштен чыгарганын билдирди.

"Жабыркагандар жок. Одесса облусун абадан коргонуу күчтөрү коргоп жатат", - деп жазды облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Крук.

Винницанын борбордук району да ракеталык чабуулга кабылганын облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Борзов билдирип, эч ким жабыркабаганын айтты.

Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрүнүн түнкү чабуулунда 24 пилотсуз аппарат жок кылынганын, анын 15и баш калаа Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Президент Зеленский шаршембидеги кечки кайрылуусунда "Украинага учактарды жеткирүүнү баштоо" зарылдыгын айткан.

Медиа каражаттары орус армиясы Каспий деңизинен канаттуу ракеталарды атканын жазышты. Бирок азырынча бул маалыматтын чын-төгүнү аныктала элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги жаңы чабуулдары тууралуу комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG