Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Батыш Украинага ондогон танк жөнөтө турган болду


Германия Украинага "Леопард" танктарын берүүгө макул болду. Вашингтон да Киевге "Абрамс" танктарын берерин ырастады. Ошондой эле Пентагон курал-жарак өндүрүүнү алты эсеге көбөйтүүнү, анын олуттуу бөлүгүн Украинага жеткирүүнү пландап жатканы кабарланды.

25-январда АКШ президенти Жо Байден украин армиясына америкалык "Абрамс" үлгүсүндөгү 31 танкты бир нече ай ичинде Украинага жөнөтөрүн билдирди.

Байден НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аракеттери Орусияга коркунуч туудурбай турганын, алардын бир гана максаты орус күчтөрүнүн Украинадагы агрессиясын токтотуу экенин баса белгиледи.

«Кечээ Орусиянын Украинага ар тараптан аёсуз басып киргенине 11 ай болду. Бул маалда украин эли Путинге жана жалпы дүйнөгө өзүнүн каармандыгы менен эркиндикке умтулган майтарылгыс эркин көрсөттү» - деди Байден.

Америкалык президент Британия, Германия, Франция жана Италиянын лидерлери менен байланышып, Украинага аскердик колдоону улантуу маселесин талкуулаганын айтып, "Украинага танктарды Британия, Франция жана Германия жеткирет",-деп кошумчалады.

25-январда Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага "Леопард 2" аталыштагы 14 танк берүү боюнча бирдиктүү чечимге келгенин, немис өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Хебестрейт билдирди. Берлин өнөктөштөрү менен бирге тез арада Украина үчүн эки танк батальонун түзүүнү көздөөдө.

Буга чейин Польша, Нидерланд жана Испания эгер Берлин уруксат берсе, Украинага "Леопард" танктарын жөнөтөрүн билдиришкен. Алардын катарына Италия, Дания, Финляндия да кошулушу ыктымал.

"Леопард" танкы алгач 1979-жылы өндүрүлгөн. Андан бери бир нече жолу жаңыланып, дүйнөдөгү эң мыкты согуштук танктардын катарына кирери айтылып келет.

"Леопард 2". Германия, 2011-жыл.
"Леопард 2". Германия, 2011-жыл.

Танктын эски версияларында да заманбап тепловизорлор болгон. Алар күнү-түнү иштөөгө, чоңойтуп көрсөтүүгө жана лазердик диапазонду табууга мүмкүндүк берет. Жалпы салмагы 55 тонна, максималдуу ылдамдыгы саатына 70 чакырым ылдамдыкта жүрөт.

Ал эми төрт кишилик экипажы бар (командир, аткыч, жүктөгүч жана айдоочу) "Абрамс" эң оор танктардын бири. Салмагы дээрлик 62 тонна.

Танк ар түрдүү жаңыртуулардан өтүп, натыйжада M1, M1A1 жана M1A2 версиялары пайда болгон.

"М1 Абрамс" танкы. Ирак. 2017-жыл.
"М1 Абрамс" танкы. Ирак. 2017-жыл.

Учурда "Абрамс" танктарын Австралиянын, Египеттин, Ирактын, Кувейттин, Польшанын жана Сауд Арабиясынын армиясы колдонулат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-январда орус аскерлерине каршы коргонуусун бекемдөө үчүн тез арада заманбап танктарга муктаж экенин айткан.

"Танктардын тартыштыгын толтуруу үчүн биз күн сайын зарыл болгон нерселердин бардыгын жасап жатабыз. Бирок талкуулар олуттуу чечимдер менен аякташы керек. Террорчуларга каршы коргонуубузду чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынышы зарыл. Өнөктөштөрүбүз жетиштүү танктарга ээ. Маанилүү чечимдер кабыл алынгандан кийин биз ар бир чечим үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз".

"Танктын биринчи кадамы жасалды. Андан ары - "танк коалициясы". Леопардар көп керек", - деп жазды Украинанын президенттик кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Телеграм-каналына.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков М1 "Абрамс" танктарынын жөнөтүү идеясы ишке ашпай каларын, алар жолдо "күйүп" кетерин билдирди.

"Бул технологиялык аспект менен караганда ишке ашпай калчу план. Эң негизгиси, бул - Украинанын куралдуу күчтөрүнүн потенциалын ашыкча баалоо. Бул да терең жаңылыштык. Биз бул танктар да башкалардай эле күйүп кетерин кайталайбыз".

Ал арада Пентагон артиллериялык снаряддарды өндүрүүнү алты эсеге көбөйтүүнү пландап жатканы кабарланды. Анын олуттуу бөлүгүн Украинага жеткирүү пландалып жатканын The New York Times басылмасы жазды.

Орусия Украинага басып киргенге чейин АКШнын аскердик заводдору айына 14 400 артиллериялык снаряд чыгарып келген. Пентагон эки жылдын ичинде өндүрүштү айына 90 000ге чейин көбөйтүүнү көздөөдө. Бул үчүн жеке ишканалар менен тиешелүү келишимдер түзүлгөнү кабарланды. Мындай сандагы снаряд АКШда Корея согушунан бери чыгарыла элек болчу.

Кеп алыска атуучу гаубицалар үчүн 155 мм снаряддар жөнүндө болуп жатат. Азыр аны Пентагон менен келишимдин алкагында мамлекеттик алты завод чыгарат.

Батыш өлкөлөрүнүн Украинаны колдогон мындай кадамын Орусиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү сындоодо. Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин 22-январда өзүнүн Telegram каналына Батыш өлкөлөрүн "глобалдык апаат" жана "кыйратуу" менен коркуткан билдирүү жарыялады.

25-январда украин армиясы "көп сандаган жоготууларга" карабастан, орус аскерлери Донецк жана Луганск аймактарында чабуулун улантып жатканын, негизинен Бахмут жана Авдеевка багыттарында чабуулдар жасалып, ал жерде бир нече айдан бери катуу салгылашуу жүрүп жатканын билдирди.

Бахмут - бир нече айдан бери орустардын катуу соккусуна каршылык көрсөтүп турат. Бул жер Украинанын чыгышына кетчү стратегиялык багыт болуп саналат.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG