Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

ИИМ Разаковдун кармалышы боюнча маалымат берди


Жеңиш Разаков. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 26-январь, 2023-жыл.
Жеңиш Разаков. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 26-январь, 2023-жыл.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 1 млн. АКШ долларын алдоо жолу менен алган деп шектелип жатканын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өткөн жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран Б.А. аттуу мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго чара көрүүнү суранып, арыз жазган.

“Жабырлануучу арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000 АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген”, - деп айтылат.

Милиция 2022-жылдын 1-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) менен иш козгогон. Разаков 24-январда кармалган. 26-январда шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулду. Тергөө уланып жатат.

Разаковдун бөгөт чарасы бейшембиде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыгарылды.

Ал сот залына кирип бара жатып парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын ырастады. Анын жактоочусу Айбек Өмүров буга негиз жок экенин айтууда.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG