Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Жапаров менен Мирзиёевдин расмий жолугушуусу өтөт


Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров.
Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров.

Мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 27-январда Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен расмий жолугат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.

Андан ары президенттер тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Кийин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, президенттер маалымат каражаттарына билдирүү жасайт.

Мирзиёевдин сапарынын алкагындагы жолугушуулар жана иш-чаралар мамлекеттик телеканалдардан түз эфирде көрсөтүлөт.

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен 26-январда Бишкекке келди. Аны жана жубайы Зироатхон Мирзиёеваны "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен тосуп алды.

Мирзиёев ошол эле күнү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы Үркүн окуясында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Өзбек президенти Кыргызстанга былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору айтылууда.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин абактагыларды бошотууга чакырып келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG