Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Шавкат Мирзиёев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды


Шавкат Мирзиёев "Ата-Бейитте" 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.
Шавкат Мирзиёев "Ата-Бейитте" 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.

Мирзиёев 27-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өтөт.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болот.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин абактагыларды бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG