Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Атай Бейшенбек Октябрь окуясына байланыштуу айыпты четке какты


Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган активист Атай Бейшенбек Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштери тууралуу комментарий берди.

Анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө 2020-жылы шайлоодон кийинки тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларында "мэрияны басып алууга аракет жасаган" деген айыптоо негизсиз экенин белгилеген.

"2020-жылдын октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алгансың деп мага дагы бир кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чакырышты. Айыпкер катары жоопко тартуу токтомунда "Бир Бол" саясий партиясынын атынан шайлоого катышкан Атай Бейшенбек уулу митингге катышып, шайлоо таза өтпөгөндүгү туурасында айтып, ар кандай сөздөр менен өзүнө упай топтоо максатында курч билдирүүлөрдү жасаган"- дейт. Садыр ава (президент Садыр Жапаров), бул эмне деген "беспредел"? Биринчиден, мен "Бир Бол" партиясынан 2020-жылы шайлоого катышкан эмесмин, экинчиден мен ошол октябрь окуяларындагы митингде сүйлөмөк түгүл, басып барган эмесмин", - деген Атай Бейшенбек өз билдирүүсүндө аны "мэрияны басып алган" деп айыптоо да негизсиз экенин билдирген.

Октябрь окуяларына байланыштуу 25-январда Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ага ылайык, Бейшенбекке Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып тагылган:

213-беренесинин, 4-бөлүгү (турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө); 278-берененин, 2-бөлүгү (массалык башаламандыктар); 209-берененин, 3-бөлүгү (алдамчылык).

Адвокат билдиргендей, биринчи эки берене 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу. Ал эми алдамчылык боюнча иш буга чейин козголуп, кайра жабылган. Ал боюнча соттун чечими жокко чыгарылып, кайрадан козголду.

Ички иштер министрлиги жаңы козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте 5-6-октябрь күндөрү нааразылык акцияларын өткөргөн. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам мерт болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон жана бийлик алмашуу менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG