Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Өспүрүм кыздар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштей баштады


Кыздар үчүн иштелип чыккан “Oky” мобилдик тиркемеси Кыргызстанда.
Кыздар үчүн иштелип чыккан “Oky” мобилдик тиркемеси Кыргызстанда.

Кыргызстанда өспүрүм кыздардын репродуктивдик ден соолугуна арналган атайын мобилдик тиркеме иштей баштады. Бул тууралуу 27-январда “Азаттык” радиосуна долбоордун демилгечиси – “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, “Oky” (оки) тиркемеси чөнтөк телефондордун көпчүлүк түрүнө оңой эле жүктөлөт, кыздардын репродуктивдик саламаттыгына байланыштуу так маалымат берет, себеби ал аркылуу кыздар айыз цикли башталганда эмне кылуу керек экени жөнүндө кеңири маалымат жана ачык айта албаган бардык суроолоруна жооп ала алышат.

Долбоорду ЮНИСЕФ уюмунун аймактык кеңсеси иштеп чыккан. Ал ар бир өлкөнүн санарип мүмкүнчүлүктөрүн, Интернеттин жеткиликтүүлүгүн эске алат.

Тиркемеден кыздар балакатка жеткенде денесинде башталган өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү, репродуктивдик саламаттык тууралуу маалыматты түрдүү оюндар, сынактар, календарь аркылуу ала алышат.

Жыныстык тарбиянын жоктугу улутка зыян экенин адистер айтып келишет.

Жаш муун турмуш курууга чейинки үй-бүлөнү пландоо сыяктуу түшүнүктөрдөн кабарсыз калгандыктан жыныстык жашоону эрте баштоо, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштыруу өңдүү көрүнүштөр орун алып, бойдон алдыруу көп катталууда.

Кыргыз коомунда кыз-келиндердин айыз темасы анча козголбойт. Болочок эне боло турган айрым өспүрүм кыздар бул тууралуу энесине, эжесине ачык айтуудан коркот. “Азаттык” "Айыз тууралуу ачык кеп" "АчыкTime" подкастында мына ушул темага кайрылган.

Жаш режиссер Мээрим Догдурбекова тарткан "Биринчи жолу" тасмасы кыргыз коомунда ачык айтылбаган мына ушул теманы козгогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG