Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу башталды


Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен 26-январда Бишкекке келди.
Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен 26-январда Бишкекке келди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында тар чөйрөдөгү жолугушуу башталды. Президент Садыр Жапаров менен Мирзиёев көзмө-көз кездешкенден кийин кеңири чөйрөдө жыйын болот.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, президенттер маалымат каражаттарына билдирүү жасайт.

Мирзиёев мамлекеттик сапар менен 26-январда Бишкекке келди. Аны жана жубайы Зироатхон Мирзиёеваны "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен тосуп алды.

Мирзиёев ошол эле күнү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы Үркүн окуясында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Өзбек президенти Кыргызстанга былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору айтылууда.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин абактагыларды бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG