Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын соту башталды


Акинай Бекмурзаева Биринчи май райондук сотунда. 27-январь, 2023-жыл.
Акинай Бекмурзаева Биринчи май райондук сотунда. 27-январь, 2023-жыл.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 27-январда "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын соту башталды. Ал былтыр июнь айында кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бекмурзаевага Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелеринин негизинде айып тагылганын билдирген. Баштапкы эсептөөгө ылайык, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.

"Ихсандан" үй ала албай, акчасын кайтара албай калганын айткан жарандар бир катар нааразылык акцияларын уюштуруп келген.

Кооперативдин айрым өкүлдөрү Бекмурзаеванын күнөөсү жок экенин айтып, анын бошотулушун талап кылышкан.

ИИМ былтыр Кыргызстанда турак жай кооперативине алданганын айтып милицияга кайрылгандардын арызынын негизинде 963 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Алардын саны 70тин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG