Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Талас шаардык кеңешинин вице-спикери Азиз Курамаев үй камагына чыкты


Азиз Курамаев - Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары
Азиз Курамаев - Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

27-январда Талас облустук соту коррупцияга шектелип кармалгандардын бөгөт чарасын аппеляциялык тартипте карап, Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Азиз Курамаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбековдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Долдоев, Жусупбеков, анын орун басары Курамаев кармалганын 10-январда билдирген. Атайын кызмат 2020-2022-жылдардагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашканын жарыялаган.

10-январда Талас шаардык сотунда кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев үй камагына чыгарылып, калган айыпталуучулар 31-январга чейин камакта калган.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары жергиликтүү жетекчилер мыйзамсыз кармалганын, шаардык бюджетке ижара акыдан көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG