Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Шойгу Борбор Азиядагы базалардын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн айтты


Орусиянын Кант шаарындагы аскердик базасы, архивдик сүрөт.
Орусиянын Кант шаарындагы аскердик базасы, архивдик сүрөт.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды. Ага ылайык, Шойгу бул кадамдарды АКШ жана анын өнөктөштөрү Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканы менен байланыштырган.

Шойгу бул билдирүүнү Нью-Делиде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунда айткан.

"АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүгө жамынып алып Борбор Азиядагы аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат.Алардын аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктураны жайгаштыруу тууралуу өтүнүчтөрүн ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч катары баалайбыз. Биз өзүбүз тараптан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатыбыз",-деген Шойгу.

Буга байланыштуу расмий Бишкек азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар: "Кант" авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG