Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

ЖК: президенттин Оштогу өкүлү кандай жагдайда иштен кеткени айтылды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Жогорку Кеңеште кызматтан алынган министрлер, жогорку кызмат адамдары тууралуу комментарий берди. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракция менен "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында мүмкүнчүлүк берилгенине карабай ишин жөндөй албагандар жумуштан алынып жатканын айтты. Буга байланыштуу ал жакында эле кызматтан кетирилген президенттин Ош облусундагы өкүлүн мисал кылды.

"Ар бир программада сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр турат. Жеке милдети толугу менен бекитилген. Ошону аткара албаган министрлер иштен кетип жатат. Президент өзү баш болуп бир дагы министрге "сен орун басарга аны кой, департаментке муну кой" деген жок. Буга чейин жамааттык жоопкерчилик болсо азыр биринде жеке жоопкерчилик бар. Кадр саясатында илгеркидей карап жатабыз, аймактык баланс болсун, аялдар көбүрөк болсун деп ал кишилерди даярдап алдыга жылдыралы деп жатабыз. Көбүн эле оңдойлу деп дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип аракет кылып жатабыз. Дароо эле "сен кет" деген жерибиз жок. Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич аябай чыдамкай киши экен. Такыр болбой калгандарын кетирип жатабыз. Мына, Ош облусунун губернаторуна өзүңөр күбө болдуңар. Биз жарым жыл мурун эле өкмөттүн отурумунда президент тапшырма берип, текшерүү жүрүп жаткан. Аягында далилденип чыккандан кийин алмаштырдык. Азыркы барган кадр бизди уят кылбайт го деп ишенип жатабыз",-деди Жапаров.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен анын орун басары Данияр Жаныкулов 14-апрелде кызматтан алынган.

Анын алдында Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефондогу сүйлөшүү соцтармактарга тараган. Көп өтпөй, Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.

XS
SM
MD
LG