Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Садыр Жапаров чек ара кагыштарында мерт болгондорду эскерип кайрылуу жолдоду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда курман болгондорду эскерип кайрылуу жолдоду.

Анда өлкө 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечиргени айтылат. Мындай окуялардын кайталанбашы, эгемен өлкөнүн бүтүндүгү жана калктын бакубат жашоосу үчүн болгон мүмкүнчүлүк жумшалары белгиленген.

"Тилекке каршы, бул каргашалуу окуяларда 99 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык, 477 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келет. Жамы журтубуздун, жалпы мамлекетибиздин тикесинен тик туруп, жапатырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында 2021-жылдын апрелинде өрттөлгөн турак үйлөр кайра курулуп, толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө да өз убагында үйлөр курулду. Талкаланган турак жайларын калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 1 млрд. 385 млн. 670 миң сом бөлүнүп берилди. Учурда талкаланган 418 үйдүн 381и бүткөрүлдү, калгандарын калыбына келтирүү жаатында курулуш иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары жапа чеккен жарандардын насыя берүүчү мекемелерге болгон 31 млн. сомдук карызы жоюлуп, 63 млн. сомдук насыялык келишимдердин шарттары жеңилдетилди", - деп жазылган кайрылууда.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG