Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Электр энергиясынын тарифи көтөрүлдү. Түшкөн каражат кайда сарпталат?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстана 1-майдан тартып электр энергиясынын акысы дагы кымбаттады. Өкмөт былтыртан баштап тарифти жыл сайын инфляцияга ылайык жогорулатып турарын жарыялаган. Бийлик муну менен токту өндүрүүгө кеткен чыгымды жаап, андан соң энергетика системасын кризистен чыгарууну көздөй турганын билдирген.

Айрымдар тарифти көтөрүү жаңы кубаттуулуктар үчүн маанилүү экенин белгилешсе, соңку кымбатчылыктын фонунда муну туура көрбөгөндөр да бар.

Жыл сайын көтөрүлгөн тариф

Энергетика министрлиги электр энергиясынын жаңы баасы 2023-жылдагы инфляциянын өсүшүнө жараша кайра саналганын билдирди. Былтыр Кыргызстанда инфляция 10,8% түзгөн.

Тарифтер эми 1-майдан тартып калк үчүн:

  • - айына 700 киловатт/саатка чейин электр жарыгын керектесе бир киловаттына 1,11 сомдон төлөйт (11 тыйынга өстү);
  • - айына 700 киловатт/сааттан көп жаккандарга 2,39 сомдон (23 тыйынга кымбат).
  • Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар канча жакса да айына 1,11 сомдон төгөт (баа 11 тыйынга өстү).
  • Аз камсыз болуп, "үй бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алгандар үчүн айына 700 киловатт/саатка чейин керектесе 55 тыйындан (баа 5 тыйынга кымбаттады);
  • айына 700 киловатт/сааттан көп керектегендер 2,39 сомдон (өсүш 23 тыйын).
  • Электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга баа 3 сом 63 тыйындан бекитилди (35 тыйынга көп).


Мындан сырткары электрдин наркы насостук станцияларга 1 сом 38 тыйын (14 тыйын кошулду), троллейбустарга 2,12 сом (өсүү 21 тыйын), электр унааларын кубаттаган станцияларга, анын ичинде кубаттуулугу 23 киловаттка чейинки автомобилдерге 3,18 сом (31 тыйын), кубаттуулугу чектөөсүз унаалар 4,89 сом (кымбаттоо 48 тыйын) деп эсептелди.

Тариф интернат тибиндеги балдар мекемелерине, майыптар жана улгайган жарандар жашаган мекемелерге 2,12 сомдон (өсүш 21 тыйын), диний уюмдарга 2,12 сомдон (21 тыйын), бюджеттик мекемелерге 3,76 сомдон (37 тыйын кошулду) каралган.

Айыл чарба, өнөр жай жана башка керектөөчүлөр бир киловатт электр үчүн 3,18 сомдон (31 тыйын), майнинг, алтын кен өнөр жайы, алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ишканалар 5,58 сомдон (54 тыйын кошулду), цемент чыгарган заводдор 3 сом 63 тыйындан (35 тыйын) төлөйт.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку маегинде энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“2025-жылга чейинки тарифтик саясатыбызга ылайык, биз эч ким менен талкуулабай эле, инфляциянын негизинде бааны кошуп турабыз деген чечимге келгенбиз. Былтыркы жылдын инфляциясынын негизинде быйыл биз 11 тыйын коюп жатабыз. Ошол эле маалда аялуу катмар үчүн гана жеңилдиктер каралган. Бирок мындай катмардагы жарандар бекитилген лимиттен ашык керектебейт. Тариф негизинен электр энергиясын көп пайдаланып жаткандар үчүн гана көтөрүлүп жатат десек болот. Эгерде адамдын үйүндө муздаткыч жана сыналгы гана иштесе, анда ал тарифтик пландан ашпайт жана ошого жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу жылыткыч, сыналгы, кондиционер жана башка көп буюмдары иштесе, анда жарыктын баасы жогору болушу керек. Энергия – товар. Ким көп керектесе, ошого жараша кирешеси бар да. Кызмат көрсөтүү үчүн төлөшүңүз керек”, – деген министр.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары электр энергиясына болгон тариф базар баасына жана экономикалык талаптарга ылайык көтөрүлүп турган. Биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда аз-аздан кошулуп отуруп, экинчи президент Курманбек Бакиевдин маалында да ошондой эле саясат уланган.

Ошентип, Бакиевдин бийлиги 2010-жылдан тартып 1 кВт саат электр энергиясынын наркын 70 тыйындан 1 сом 50 тыйынга, кийин 1 сомдон 90 сомго көтөрүү чечимин кабыл алган. Бул жана башка жагдайлар коомчулукта нааразылыктарды жаратып, ошол эле жылы апрелде бийлик алмашкан. Андан соң өлкөнү башкарып турган убактылуу өкмөт бааны мурдагы тарифке кайтарып, үчүнчү президент Роза Отунбаеванын тушунда баа ошол эле суммада кармалып турган.

Төртүнчү президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 2015-жылы 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын баасын 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйын кылган. Ошол маалдагы чечимге ылайык 2017-жылдан ага дагы кошулмак. Бирок бешинчи президент Сооронбай Жээнбековдун маалында бул чечим токтотулуп, ошол бойдон келаткан.

2020-жылдан кийин бийликке келген алтынчы президент Садыр Жапаровдун тушунда алгач бааны 1 сом 48 тыйынга көтөрүү сунушталган. Талаш-талкуулардан соң 2023-жылы 1-майдан тартып, 77 тыйынга болгону 23 тыйын кошулган жана 1 кВт/саат электр кубаты 1 сомдон болгон. Ал эми 700 кВт/сааттан көп колдонгондор 2 сом 16 тыйын төлөп келген.

Президент Садыр Жапаров былтыр буга байланыштуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде электр энергиясына болгон тариф тууралуу айтып жатып, коңшу өлкөлөрдөн импорттоо маселесине да кайрылган. Ал электрдин өзүн сатып алуу кымбат болгондуктан, Казакстан менен Өзбекстанга суу катары берүү чечими кабыл алынгандыгын айткан.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кышкы мезгилде 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны кошуна өлкөлөрдөн импорт кылабыз. Өзүбүздөн чыккан электр кубаты кыш мезгилинде өзүбүздүн керектөөбүзгө жетпейт. 2020-жылга чейин 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны Казакстан менен Өзбекстандан 5 сомго чейин накталай акчага сатып алып, 0,77 тыйындан элге берип жүргөн экенбиз. Ортодогу айырма энергетиктердин карызынын үстүнө карыз болуп 137 миллиард сомго чыгышынын бир себеби ушул. Албетте, система түзүп алышып, уурулук кылгандан көбөйгөн карыздар да кошул-ташыл болгон. Мен келгенде кандай кылдым - кошуналардан кыштын күнү накталай акчага электр кубатын сатып алган жокмун. Кышта бизге электр кубатын бересиңер, жайда силерге суу агызганда генератор аркылуу агызам. Ошондон чыккан электрэнергия менен кайра кайтарам деп, сууну генератор аркылуу агызып, электрэнергиясын кайтарып коюп атабыз. Бүгүнкү күнү мына ушундай шарт менен иштеп жатабыз. Мурда болсо сууну жөн эле бош агызып берчү экенбиз. Анткени генератор аркылуу агызалы десек, жайдын күнү анча көлөмдөгү электрэнергия эч кимге керек эмес. Биздин өзүбүзгө да анча көлөмдүн кереги жок. Азыр башымды оорутуп эмне кылам, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп тарифтерди көтөрбөстөн, мурдагыдай иштей берсем деле болот. Менин президенттик мөөнөтүм жапжакшынакай эле өтүп кетет. Бирок анда 10-15 жылдан кийин энергетика системабыз таптакыр өлөт”, – деген анда Садыр Жапаров.

Соңку жылдары Кыргызстанда суу азайды. Өлкөнүн эң башкы гидроэлектрстанциясы жайгашкан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болуп жатат.

Энергетика министрлиги 2024-жылдын 1-апрелине карата аталган суу сактагычта кеминде 6,7 млрд куб метр суу менен чыгуу планын коюп, 7-7,2 млрд куб метр менен гана чыкты.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

Учурда мындагы суунун көлөмү 7,7 млрд куб метрге жетти. Энергетиктер суу 6-6,5 млрд куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскертишет. Иш жүзүндө быйыл жазлагы көлөм ошого жакын эле болду.

Расмий маалыматтарга ылайык, "Токтогул" суу сактагычына 19,2-19,6 млрд куб метрге чейин суу чогулат. Суу тартыш болбогон маалда суу сактагыч адатта 10-11 млрд куб метр суу менен жазга чыкчу.

Кошумча түшкөн каражат эмнеге кетет?

Албетте, бир жагынан суунун тартыштыгы жалпы энергетикадагы кубаттуулукка таасир этет. Экинчи жагынан элдин саны өсүп, керектөө да көбөйүп келатат.

Кыргызстандын гидро жана жылуулук электр станциялары соңку он жылдан бери 14-15,1 млрд кВт/саат гана электр энергиясын өндүрүп келген. Бирок ошол эле маалда керектөө 16-17 млрд кВт/саатка жетип калды. Жогоруда айтылгандай, ортодогу айырмачылыкты жабуу үчүн бийлик башка өлкөлөрдөн, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан, былтыртан тартып Орусиядан да сатып алып жатат.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

Тариф көтөрүлсө ал биринчиден калкты электрди үнөмдөөгө мажбурлай турганы ырас. Бийлик ошол эле маалда андан түшкөн каражатты энергетика системасын оңдоого жана жаңы кубаттуулуктарды жаратууга шарт түзөт деп айтууда.

Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнүн соңку билдирүүлөрүндө айтылгандай, алар электр энергиясын сатууда жыл сайын 9-10 млрд сом дефицит менен чыгып жатса, тарифтер көтөрүлгөн соң алар 3 млрд сом киреше табышы мүмкүн экен. Албетте, бул жерден жалпы кирешенин өзү тууралуу маалымат бизге жеткиликтүү эмес.

Энергетика боюнча эксперт Райымбек Мамыров буларга токтолду:

Райымбек Мамыров
Райымбек Мамыров

“Тариф боюнча стратегия мурда эле бар эмес беле?! Ал кабыл алынып, жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша жогорулатып турмай деген чечим кабыл алынган болчу. Аны болгону токтотуп коюшкан. Азыркы жасалып жаткан аракеттер туура. Анткени дароо чоңураак сумма кошсо, ал нааразылыктарды жаратышы мүмкүн. Минтип жыл сайын аз-аздан кошуп олтурганы калктын чөнтөгү үчүн көп деле байкалбайт. Анын үстүнө былтыр тариф көтөрүлгөндөн кийин эл электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну үйрөнүп баратабыз. Ушинтип бара бере турган болсок, кийин барып-барып, электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркына жеткиришибиз керек. Акыркы эсептерде 1 кВт/саат электр энергиясын өндүрүүнүн наркы 2 сом 80 тыйын же 3 сомго жетип калды окшойт. Бул гидро станциялар менен жылуулук станциялардын өндүргөн продуктуларын кошуп эсептеп, анан орточо баа чыгаргандагы сумма. Азыр тарифке кошулган бул суммалар энергетикадагы көйгөйлөрдү толук чечпейт. Себеби, ал жакта эскирген жабдуулар өтө көп. Айрым нерселердин 40%, алды 60% чейин эскилиги жеткен. Азырынча тарифти көбөйтүүдөн анча-мынча маселелерди чечип, ошол нерселерди жаңыртып турууга каражат чыгарып турса болот. Бирок жаңы станцияларды курүү үчүн бул каражаттар жетпейт. Ал үчүн чоң инвестиция керек”.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар: “Токтогул” (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери.

Мындан сырткары эки ири жылуулук электр борбору Бишкек ЖЭБи (812 мегаватт) жана Ош ЖЭБи (40 мегаватт) иштейт.

Жалпы санаганда Кыргызстанда 3892 мегаватт, же 3 ГВт 892 МВт кубаттуулук бар. Азыркы бийлик 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидро электр станциясын жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы күн менен шамалдан энергия алуучу 15 станцияны куруу планын жарыялаган. Албетте, мунун баары инвесторлордун каражатына курулмакчы.

Мындан тышкары Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланса, 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми “Камбар-Ата-1” жана “Камбар-Ата-2” толук курулуп бүтсө, экөө биригип 2 ГВттан ашуун кубаттуулукка ээ болору маалымдалган.

Эгерде өкмөт жарыялаган план ишке ашса, анда алдыдагы жылдары Кыргызстандагы энергетикалык кубаттуулук 14-15 ГВтка жетип калышы керек. Бирок айрым эксперттер мындан күмөн санап жатышат.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “Азаттыкка” берген интервьюсунда буларга токтолду:

Эрнест Карыбеков
Эрнест Карыбеков

“Министрликке караштуу тарифти эсептеген өздөрүнүн департаменти бар. Алар негизинен бир тараптуу гана эсептеп жатышат. Айталы, “бүт баары эскирди, алмаштырышыбыз керек, акысын көбөйтүп эле берсеңер биз маселени чечебиз” деп, тарифти көбөйтүүнү сунушташат. Бирок буга чейин деле көтөрүштү, эмнени чечишти? Менимче, булар биринчи кезекте оптимизация жасап, өзүнүн чыгашасын азайтышы керек. Энергетика тармагындагы ишканалардын баары акционердик ишкана болуп кеткен, бул деген жеке менчик деген сөз. Аларда ондогон кишилер, директорлор кеңеши, бири-бирин кайталаган кызматтар, түзүмдөрү көп. Чоң акча алып турушат. Ошондуктан биринчи кезекте бул тармакты мамлекетке кайтарыш керек. Бирок булар андай өзгөртүүлөргө барбай эле тарифти көтөрүү менен маселе чечебиз деп жатышпайбы. Ооба, азыр дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда баары кымбаттап жатат. Эл кыйналып жатат. Мына ушундай шартта кайра тескерисинче мамлекет колундагы энергетикалык ресурстарын калк үчүн арзаныраак кармап турса болмок. Энергетика - бул экономиканын эле эмес, элдин жашоо-турмушунун пайдубалы. “Энергетика тармагы өзүн акташ керек, кирешелүү болушу керек” деп эле жогорулата бергенде болбойт. Андай жол – туңгуюк жол. Системалык түрдө, терең өзгөрүүлөргө барбаса, азыр тарифти көтөрүп коюу менен эле маселе чечилбейт. Башка маселе, гидро электр станцияларды чекеден куруп, шамал же күндөн энергияларды чыгарабыз дегени азырынча анча реалдуу эмес. Мына, канчалаган гидроэлектр станциялардын долбоорлорун сунушташты эле, кана инвесторлор келип жатканы? Камбар-Ата-1 ГЭСин эле канча өлкөлөргө жарнама кылды? Келдиби? Жок. Андан көрө кыска мөөнөттө көмүр менен иштечү электр борборун куруп, муктаждыкты жаап туруш керек”.

Энергетика министрлиги өз билдирүүлөрүндө тарифти көтөрүү жана гидроэлектр станцияларды көбөйтүү менен бирге бул тармактын өзүндө реформаларды жүргүзөрүн, анын ичинде оптимизация жүргүзүп, коррупцияны жоё турганын да билдирген.

Кыргызстан дүйнөдөгү экологиялык таза энергиянын ири коруна ээ өлкөлөрдүн бири. Окумуштуулар өлкөдөгү электр энергиясынын 90% ашууну гидроэлектр станцияларынан өндүрүлгөнүнө карабай, чоң жана кичи суулардын 10% гана пайдаланылып жатканын белгилеп келет. Ири жана майда дарыялардын баарынын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү 142,5 млрд кВт/саат деп бааланат.

Ошол эле маалда Кыргызстанда көмүр же башка күйүүчү отундар менен иштечү электр борборлорун, зарыл болсо атомдук электр станцияларын курууга да чакыргандар бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG