Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

Вашингтон сапары: Кыргызстан “Камбар-Ата-1ди” курууга каражат издөөдө


"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна старт берүү иш-чарасы. 8-июнь, 2022-жыл.
"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна старт берүү иш-чарасы. 8-июнь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Вашингтонго сапарында Дүйнөлүк банк менен “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгуу макулдашылганы кабарланды. Дүйнөлүк банк ГЭСтин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион АКШ долларын бөлөрү былтыр күздө маалым болгон. Кыргызстан “Камбар-Ата-1ди” курууга эки жыл мурун старт берген. Өткөн жылы долбоорду Өзбекстан жана Казакстан менен чогуу куруу боюнча жол картасына кол коюлган. Кыргызстан соңку 20 жылдан бери курууну көздөп келаткан ГЭСти коңшулар менен баштадыбы?

Ушул күндөрү Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун уюштуруусунда “Жазгы жыйындар” деп аталган дүйнөлүк финансылык уюмдардын жана өкмөттөрдүн жолугушуулары өтүүдө.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы жана Европа инвестициялык банкынын жетекчилери менен жолугушту.

Жогорудагы донор уюмдар катышкан аянтчалардын дээрлик баарында талкууланган негизги тема Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду, тагыраагы, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун илгерилетүү болду.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолугушканда аталган долбоордун курулушу “Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагына эң жакшы пайда берерин” белгиледи:

«Кыргыз Республикасы «таза» энергетиканы киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Учурда Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 13%га жакынын гана пайдаланып жатат. Ошол эле учурда энергетика тармагында 1860 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу эң дымактуу жана флагмандык долбоор болуп саналат».

Өкмөт башчы Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын президенти Цзин Лицюнду "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш долбоорун каржылоого катышууга үндөдү. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, "Цзин Лицюн бул келечектүү долбоорду каржылоого катышууга банктын бекем даярдыгын" билдирди.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолукканда да "Камбар-Ата-1" ГЭСин талкуулаган.

“Өз кезегинде Маркус Берндт Дүйнөлүк банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы сыяктуу абройлуу каржы институттары Камбар-Ата-1 ГЭСинин куруу долбоорун каржылоого даяр экендиктерин жогору баалаарын белгиледи. Ал кошумчалагандай, алардын мындай кадамдары "бул долбоор бүгүнкү күндө абдан келечектүү жана актуалдуу экенин көрсөтүп турат". Буга байланыштуу банктын жашыл энергетиканы ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган саясатын эске алуу менен Маркус Берндт бул долбоорду каржылоого жогорку кызыгуусун билдирди. Мындан тышкары, бул долбоорду иштеп чыгууну тездетүү максатында, Маркус Берндт долбоорду жана аны каржылоо маселелерин изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады”, деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы 19-апрелде тараткан билдирүүдө.

Акылбек Жапаров Кыргызстан бул ГЭСти куруу үчүн ресурстарды мобилизациялоо максатында июнь айынын башында Австриянын борбору Вена шаарында эл аралык өнөктөштөрдүн жана каржы институттарынын катышуусунда инвестициялык форум өткөрүүнү пландап жатканын жарыялап, финансылык уюмдарды ага катышууга чакырды.

Өкмөттүн маалымат кызматы Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы жана Европа инвестициялык банкы өңдүү финансылык уюмдар Кыргызстандын демилгелерин колдой турганын ырасташканын билдирүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгууну макулдашты.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу узак мезгилден бери талкууланып келаткандыктан, ишке ашыруу маселеси бышып жетилгенин айтат:

“Бул өтө керектүү ГЭС. Токтогул ГЭСи менен биргеликте иштегенде бул Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азиянын баарына чоң пайда келтирет. Анткени суу аз же көп топтолгон жылдары Камбар-Атанын жардамы менен сууну жөнгө салса болот. Буга чейин, мисалы, Союз кыйрагандан бери Өзбекстан каршы болуп келген. Алар “Камбар-Ата” ГЭСинин пайдасын жеткиликтүү түшүнгөн эмес. Кыргызстанга электр энергия чыгаргандан сырткары суунун режимин башкарганга да өтө чоң пайдасы бар. Мисалы, биз Токтогул суу сактагычындагы сууну кышында өзүбүзгө керектүү электр энергияны чыгарып, түшүрүп жиберип жатабыз да. Ал кышында тигил жакка эч пайдасыз агып кетет. А эгерде “Камбар-Ата” бар болсо, кышында биз Токтогул суу сактагычындагы сууну камдап, “Камбар-Ата” ГЭСинин суу сактагычын электр энергия чыгарганга иштетебиз. Ошондо Токтогул ГЭСиндеги суу сарп болбойт”.

“Сырттан каржы издебей, ички ресурстарды тартыш керек болчу”

2014-жылдагы эсеп боюнча долбоордун чыгымы 2,9 млрд доллар деп бааланган болчу. Бирок учурдун талаптарын эске алуу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кайра иштеп чыгуу тапшырылган. Президент Садыр Жапаров жакында “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде “Камбар-Ата-1” ГЭСинин жалпы наркы 5-6 млрд доллар болорун жана долбоор ишке киргенден кийин 13-15 жылда өзүн толук актаарын айткан.

Долбоорго Казакстан менен Өзбекстан дагы инвестиция салуу ынтызарлыгын билдиргендиктен, үч тараптуу ишкана түзүү иштери жүргөн. Маалыматтарга ылайык, ишкананын уставдык капиталында Кыргызстандын үлүшү 34%, Казакстан менен Өзбекстандыкы 33%дан болмокчу. Долбоордун аткарылышын үч тараптын энергетика министрлери көзөмөлдөйт. Курулуш аяктаган соң ГЭСтин акциялары менен активдери толугу менен Кыргызстандын менчигине өтөт. Биргелешкен акционердик коом түзүү боюнча макулдашуунун долбоору жакында Казакстандын укуктук актылар сайтына жайгаштырылганы кабарланды.

Инвестиция боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу жайдын аптабы өтө ысык, кыштын аязы өтө суук болуп, климаттык өзгөрүүлөр эки уюлга карай жылып бараткан чакта электр энергиясына суроо-талап көп болорун эске салат. Мындай жагдайда Кыргызстандын келечектеги геосаясий ордун дыкат талдап, өздөрүнүн логистикалык жана ресурстук артыкчылыктары менен үстөмдүк кылып келаткан коңшуларга карата ыңгайлуу рычаг катары иштетүү дурус болмок деген пикирде:

“Кошуна болуу дагы өзүнчө бир искусство. Аны сөзсүз түрдө туура багытта колдоно билиш керек. Анын үстүнө бул объекттер курулуп кала турган болсо, биз сөзсүз электр энергия менен башка товарларды сатууга дагы, өндүрүштү көтөрүүгө дагы мүмкүнчүлүк алабыз. Себеби биздин өлкөдө айыл чарба, өндүрүш жана башка багыттар дагы деле жетиштүү деңгээлде электрлештирилген эмес. Эгерде сугаттан баштап өндүрүштүн кайра иштетүү тармагын бүт бойдон электрлештирсек, биз өндүрүшүбүздүн натыйжалуулугун көтөрүп, ички дүң өндүрүмүбүздү башка деңгээлге алып чыгып, экономиканын структурасын өзгөртмөкпүз. Эми келечекте ошондой перпективалар, жакшы жагдайлар күтүп турганда, ошону ишке ашырууда кошуналарга көз каранды болуп, алар менен чогуу башкарабыз дегени мен үчүн кызыктай көрүнүш болуп атат. Ошондуктан бул жерде ал жагын да жакшылап ойлош керек. Сөзсүз түрдө сырткы финансылык каржыга ишенбей, балким, ички ресурстарды да карап эсептеш керек. Же болбосо, эгерде сырттан өзүбүз ала турган болсок, анда жалаң гана өзүбүз ээлик кылышыбыз керек. Ошондой бир топ факторлорду эске алып жасай турган объект да бул”.

Кыргыз өкмөтү “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорун ондогон жылдардан бери даярдап келет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ГЭСтин кубаттуулугу 1860 мегаватт, суу сактагычтын сыйымдуулугу 5,4 млрд метр3 болмокчу. Анда жылына орточо 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт деп күтүлөт.

2023-жылы жол салуу, көмөк чордон орнотуу, электр зымдарын тартуу, курулушчулар үчүн турак-жайларды куруу өңдүү даярдык иштери жүргөн. Бул иштерге бюджеттен 1,8 млрд сом каражат бөлүнгөнү кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG