Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:23

23-май: Бишкекте башаламандыкта жети жайга кол салуу болгон, Иранда президент Раисинин тажиясы өттү


Авиакырсыкта набыт болгон Ирандын президенти Эбрахим Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарына жеткирилип, Реза имамынын мавзолейине коюлду, 23-май, 2024-жыл.
Авиакырсыкта набыт болгон Ирандын президенти Эбрахим Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарына жеткирилип, Реза имамынын мавзолейине коюлду, 23-май, 2024-жыл.

23-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Аскат Жетиген УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтты

“Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо” беренелери менен айыпталып жаткан акын, жарандык активист Аскат Жетиген 20-мартта кармалгандан кийин УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын, аны “ток менен бир саат бою кыйнашканын” айтты. Бул тууралуу ал Бишкектин Свердлов райондук сотунда ал өзү билдирди. Аскат Жетиген арыз жазып, аны Аскер прокуратурасы иликтеп жатканы белгилүү болду. 23-майда Жаза аткаруу кызматы Бишкектин тергөө абагында (ТИЗО-1) отурган Аскат Жетигенге бул мекемеде күч колдонуу болбогонун билдирди. Акын 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Ал коюлган айыптарды четке какты.

18-майга караган түнү Бишкекте жана Чүйдө жети жайга кол салуу болгон

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси Бакыт Сеитов 18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө чет элдиктер жашап, иштеген жалпы жети жайга кол салуу болгонун айтты. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатакана жана мейманкаларга кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган. Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына да кол салуу болгон. 13-18-майга караган түндөрү болгон окуялар боюнча 20га жакын адамга айып коюлуп, 12 кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамда эми педофилияга айыпталгандар канча жашта экенине карабай өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин 2-бөлүгүндө аялдар, 18 жашка чейинки куракта кылмыш жасагандар, кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектер өмүр бою эркинен ажыратылбай турганы жазылган.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч окуучу мүрт кетти

Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында болгон автокырсыктан үч мектеп окуучусу мүрт кетти. 23-майга караган түнү үч окуучу түнкү саат 01:00 чамасында “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү машина менен Кызыл-Өрүк айылына баратып, айдоочу “Улан” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай автоунаа жолдон чыгып кеткен. Машина аласалып, үч бала тең мүрт кеткен. Расмий маалыматка ылайык, быйыл 1-январдан 17-мартка чейин өлкөдө 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган.

Газада Израилдин жердеги жана аба соккуларынан дагы 35 жай тургун каза болгону кабарланды

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында израилдик аскерлердин ХАМАСтын (Евробиримдикте жана АКШда террордук уюм деп таанылган) согушкерлери менен кармашы уланганы, алар түштүк-чыгыш жакты көздөй жылып, батыштагы Йибна шаарына жакындашканы маалымдалды. Муну менен катар Жабалия шаарында да, анын жанындагы Бейт-Ханунда чабуулдар активдүү уланууда. Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө.

Зеленский авиабомба Орусиянын негизги куралына айланганын айтты

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия Украинанын энергетика инфраструктурасын талкалоо үчүн колдонуп, шаар-кыштактарга сокку уруп жаткан башкарылуучу бомбаларга каршы туруу үчүн өлкөнүн коргонуу системасын модернизациялоо керектигин айтты. «Орусиялык жан алгычтар Часов Ярда, Покров багытында жана Харьков облусунун Липцы районунда, башка да кармаш жүрүп жаткан жерлерде башкарылуучу авиабомбаларды активдүү колдонуп жатышат", 0 деди Зеленский. Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу согуш ачкан Орусия соңку кезде көбүрөөк Харьков облусун бутага алууда.

Улуу Британияда Өкүлдөр палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Британ премьер-министри Риши Сунак британ парламентинин Өкүлдөр палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо 4-июлда өтөрүн жарыялады. Сунак шайлоочуларды экономикалык туруктуулукка коркунуч жаратпоого чакырып, кайрадан аталган партияны колдоону өтүндү. Сурамжылоолорго жана жакында өткөн жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгына таянган талдоочулардын көбү бул жолу 14 жылдан бери оппозицияда болуп келаткан лейбористтер алдыга чыгат деп болжолдоп жатышат. Британ мыйзамдарына ылайык, шайлоо 2025-жылдын январынан калбай уюштурулушу керек болчу. Бул маселе көпкө талкууланып, натыйжада Сунак падыша Чарльз IIIдөн парламентти таркатууну өтүндү. Падыша макул болуп, парламент 30-майда расмий тарамай болду.

Ирандыктар президент Раисинин сөөгүн акыркы сапарга узатышты

Ирандыктар авиакырсыкта набыт болгон президент Эбрахим Раисини акыркы сапарга узатты. Ирандын мамлекеттик туусуна оролгон маркумдун табыты өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарындагы Реза имамынын мавзолейинде, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын сөөгү ушул эле күнү Тегерандын түндүк тарабындагы Рей шаарында жерге берилди. 22-майда Тегеранда уюштурулган коштошуу зыйнатына Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ирактын өкмөт башчысы Мухаммед Шиа ас-Судани, Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Мутакки, Орусиянын парламент төрагасы Вячеслав Володин катышты. Бишкектен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барды.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG