Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:55

Ырчы жана активист Аскат Жетиген коюлган айыптарды четке какты


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 23-май, 2024-жыл.

“Массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча шек саналып кармалган акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо Свердлов райондук сотунда башталды.

Аскат Жетиген көрсөтмө берип, коюлган айыптарга макул эместигин айтты. Ал билдирүүлөрүндө “эч кандай бийлик басып алууга жана массалык башаламандыкка чакырык жок” деди.

Сотко катышып жаткан прокурор Аскат Жетигенден тарткан видеосунун максатын сурады. Ал бийликтин жалган маалыматын элге ачыктагысы келгенин, президентке бир нече ирет кайрылганын, ага реакция болбогонунан улам ушул кадамга барганын айтты.

Ишти сотто кароо териштирүү 22-майда башталган. Акын 20-мартта кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 8-майдагы алдын ала соттук угууда анын камактагы мөөнөтү 8-июлга чейин узартылган.

Ага 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгонун ошол учурда адвокаты Венера Буудайбекова билдирген.

Алгач Аскат Жетигенди УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Венера Буудайбекова буга чейин, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берген. Тергөөчү ырчы сөзүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры менен эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG