Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Прокуратура Махабат Тажибек кызынын арызы боюнча иш козгоодон баш тартты


Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттөр.
Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттөр.

"Temirov Live" жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажибек кызы сабалды деген арыз боюнча прокуратура кылмыш иши козгоодон баш тартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тажибек кызынын адвокаты Улан Сейитбеков билдирди.

Сейитбеков зомбулук жана уруп-согуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылган. 11-апрелде жазылган кайрылууда Жаза аткаруу кызматында иштеген адиси А.К. аттуу адисти кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылат. Адвокаттын айтымында, А.Р. Тажибек кызына кол көтөрүп, ур-токмокко алган.

13-майда Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы, “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынгандан кийин тартылган деген сүрөттөрдү жарыяланган.

6-апрелде Болот Темиров Махабат Тажибек кызын жана аны менен тергөө абагында чогуу отургандарды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ур-токмокко алганын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы мекемеси журналист Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Маалыматка караганда, 5-апрелде Махабат Тажибек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан. Аталган мекеме кызматкерлер айыпталуучуну уруп-сабаган жана психологиялык басым жасаган учур болбогонун жазган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошентип, камакка алынган 11 журналисттин төртөө – “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG