Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:44

“Клооп” Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылды


“Клооптун” сайты.
“Клооптун” сайты.

“Клооп Медианын” юристтери Бишкек шаардык сотунун аныктамасына каршы Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “Клооп” медиасынын сайтында кабарланды.

17-майда Бишкек шаардык соту Kloop Media коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимге каршы берилген апелляциялык арызды кароодон баш тарткан. Сот “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен” деп жүйө кылган.

“Клооптун” юристтери шаардык соттун аныктамасын “мыйзамсыз жана негизсиз” деп эсептешет. Буга чейин адвокат Нурбек Сыдыков апелляциялык арызды берүүдө Юстиция министрлигинин дарегиндеги бир сандан ката кетип калганын бирок, документ мекемеге жеткенин билдирген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

Шаардык прокуратура “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Kloop Media порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар сынга алып, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG