Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

БУУнун Кыргызстан жөнүндө баяндамасы боюнча талкуу өттү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте 21-майда Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандын адамдык өнүгүү индексинин көрсөткүчтөрү боюнча жыйын өттү.

Өлкөдө адамдык өнүгүү индексинде көрсөткүчтөрдүн жогорулап жатканы жөнүндө сөз болуп, БУУнун сунуштары талкууланды. Жыйынга президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыков баштаган тийиштүү мамлекеттик органдар катышты.

14-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүгүү программасы адамдык өнүгүүнүн 2022-жылдагы индексин жарыялаган. Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 0,701 упай менен 117-орунда турат. Бул адамдык өнүгүүнүн “жогорку” категориядагы тобуна кирет.

2022-жылы Кыргызстандагы күтүлгөн жашоо узактыгы 70,5, 2021-жылы 70 жаш болчу. Жарандардын жан башына тийген улуттук дүң кирешенин көлөмү 4 782 доллар болуп, мурдагы жылга салыштырмалуу 240 долларга көбөйгөн. Бирок, бул көрсөткүч дале болсо пандемияга чейинки кээ бир жылдарга караганда төмөнүрөөк болуп эсептелет.

Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы 2019-жылы 71,2 жаш болсо, улуттук дүң кирешенин жан башына бөлүнүшү 2018-жылы 4 981 долларга жеткен.

Индексте Кыргызстан Самоа жана Белиз өлкөлөрү менен катар жайгашкан. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 67-орунда, Түркмөнстан 94-орунда, Өзбекстан 106-орунда жана Тажикстан 126-орунда турат.

Адамдык өнүгүү индексинде эң жогорку баскычтарда Швейцария, Норвегия жана Исландия турат. Эл эми эң начар абалда Сомали, Түштүк Судан жана Борбордук Африка Республикасы жайгашкан.

Адамдык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүү индекси “узак жана саламат жашоо”, “билимге жеткиликтүүлүк” жана “татыктуу жашоо деңгээли” деген негизги үч багыттан турат. Анда гендердик айырмачылык, теңсиздик, дүйнөлүк басым жана көп кырдуу жакырчылык да эске алынат.

Индекс өлкөнүн өнүгүүсү экономикалык өсүү аркылуу эле эмес, түпкүлүгүндө адамдар жана алардын мүмкүнчүлүктөрү менен бааланышы керектигин белгилөө үчүн түзүлгөн. Рейтинг 1990-жылдан бери жасалып келет, анда дүйнөдөгү 193 өлкөнүн маалыматтары талданат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG