Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 131 чет элдик жаранга айып салынды


Тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн мигранттар. Ысык-Көл.
Тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн мигранттар. Ысык-Көл.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы облустун райондору менен шаарларында жүргүзүлгөн рейдде чет өлкөлүк 1 387 жаран текшерилип, алардын ичинен 131и Кыргызстанда тиешелүү уруксат документи жок иштеп жүргөнү аныкталганын билдирди. Мекеме алар кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн же транзит менен өтүүнүн эрежелерин бузуусу” беренеси менен протоколдор түзүлүп 720 миң 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк эмгек мигранттарын документтери жок иштеткен үч компанияга 105 миң сом айып чегерилди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG