Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:03

Тажикстанда төлгөчү, көзү ачык деп айыпталган 50 киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда төлгөчү жана көзү ачык деп айыпталган 50дөн көп киши кармалды. Бул тууралуу 21-майда "Азия Плюс" басылмасы Ички иштер министрлигине таянып кабарлады. Маалыматка караганда, рейд Согд облусунун Гафур районунда жүргөн.

Милиция билдиргендей, кармалгандар район тургундарына жана коңшу аймактан келгендерге ар кандай шылуундук менен акча табуу максатында өз кызматтарын көрсөтүп келишкен. Кармалгандардын көбүнө протокол түзүлүп, бирине кылмыш иши козголгону маалым болду.

Төлгөчүлүк жана көзү ачыктыкка тыюу салган берене Тажикстандын Кылмыш кодексине өткөн жумада кошулду. Мурда мындай ишмердүүлүк менен алектенгендер административдик жазага гана тартылчу.

Жаңы чараларга ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылгандан кийин дагы көзү ачыктык кылып, төлгөчүлүк жана бүбү-бакшылык менен алектенсе кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралат. Быйыл апрелде Кыргызстанда да парламент депутаттары көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштаган.

Эл өкүлдөрү "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү керектигин айтышкан. Алардын бири - Марлен Маматалиев мындай кызмат көрсөтүүлөр кыргыз коому үчүн жат көрүнүш экенин, алар социалдык тармак, радио, телеберүү жана тышкы көрнөк-жарнак, билборд аркылуу жарнамаланбашы керектигин белгилеген.

Депутат бүбү-бакшы жана табыптарга алданып калган жарандардан келген көптөгөн каттарды мисал келтирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG