Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери быйыл бүтөрү айтылды


“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.
“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.

Энергетика министрлиги “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык тууралуу маалымат берди.

Мекеме “Камбар-Ата-1” ГЭСинин аймагына кире турган жолдун узундугу 5,6 чакырым болсо анын ичинен 2,8 км жолдун тротуарынын негизи даярдалып, бетон төшөлгөнүн, 1 388 метр тоннелдин бир тарабынан 64 метр, экинчи жагынан 5 метр казылып бүткөнүн билдирди.

Андан тышкары электр жарыгын тартуу, Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба куруу, көпүрө жана жумушчулар үчүн убактылуу лагерь куруу иштери жүрүп жатат. Министрлик буга окшогон даярдык иштерин жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалганын кошумчалады.

“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.
“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG