Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Шенген визасы июндан тартып 12% кымбаттайт


Шенген визасы.
Шенген визасы.

11-июндан тартып шенген визасы 12% кымбаттайт. Бул тууралуу Словениянын Тышкы иштер жана Европа иштери боюнча министрлиги билдирди.

Еврокомиссия кабыл алынган мыйзамга ылайык, визанын баасын 80 евродон 90го чейин жогорулайт. Ал эми 6 дан 12 жашка чейинки балдар үчүн буга чейин 40 евро болсо, эми 45 еврону түзөт.

Еврокомиссия шенген визаларынын баасын ар бир үч жылда инфляцияга жана шаркеттеги мамлекеттик кызматкерлердин маянасына жараша караштырып турат.

Шенген– бул Европанын ичиндеги өз ара чек ара көзөмөлдү алып салган 27 мамлекеттин аймагы. Алардын тургундары жана башка өлкөлөрдөн келген мыйзамдуу саякатчылар бул аймактын ичинде мамлекеттердин чек араларына карабастан эркин жүрө алышат.

Еврокомиссиянын Миграция жана ички иштер боюнча башкы башкармалыгы жакында жарыялаган баяндамага ылайык, 2023-жылы шенген визасын алуу үчүн Кыргызстандан 27 миң киши документ тапшырган. Алардын көбү Германиянын элчилигине кайрылган.

2022-жылга салыштырмалуу шенген визасын берүү четке кагылган учурлар 1,5% төмөндөгөн.

Европа биримдигинин расмий статистикасына ылайык, 2022-жылы ар бир бешинчи кыргызстандыктын арызы четке кагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG