Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч окуучу мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында болгон автокырсыктан үч мектеп окуучусу мүрт кетти. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү ырастады.

Ага ылайык, 23-майга караган түнү үч окуучу түнкү саат 01:00 чамасында “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү машина менен Кызыл-Өрүк айылында баратып, айдоочу “Улан” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай автоунаа жолдон чыгып кеткен. Машина аласалып, үч бала тең мүрт кеткен. Ушул тапта териштирүү иштери жүрүүдө.

Кызыл-Өрүк айылынын тургундары билдиргендей, балдар 12 жана 14 жашта болушкан. Алардын кимиси рулго отурганы белгисиз. Окуучулардын бири түн ичинде таятасынын автоунаасын айдап чыкканы айтылууда.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган.

Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG