Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Былтыр Кыргызстанда жол кырсыгынан 783 адам каза болду


Быйыл 26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.
Быйыл 26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

2022-жылы өлкөдө 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

2024-жылы да үрөй учурган жол кырсыктары болду. 26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 38-чакырымында болгон автокырсыктан беш адам мүрт кетип, дагы 13 киши жаракат алган. 22-февралда Бишкекте оор жүк ташыган автоунаа окуучу кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде жан берген.

1-февралда Бишкек шаарынын Манас проспектисинде Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин автоунаасы жол кырсыгына кабылган. Айдоочу “Хундай-Соната” машинасы менен элчиликтин автоунаасын сүзүп алган.

Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул проект пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын былтыр сотко берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG