Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

“Кумтөр Голд” ишканасы 2023-жылы 13,6 тонна алтын өндүрүп, планга бир аз жетпей калды


Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 13 тонна 567 килограмм алтын өндүрдү. Бул тууралуу компания өз сайтына жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыялады.

Ишкана өткөн жылы жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Планга жетпей калган себебин ишкана “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүрдү.

Маалыматта айтылгандай, компания былтыр жыл ичи өндүргөнүнөн 10 кг ашыкча – жалпы 13 тонна 577 килограмм алтын саткан. Ишкана мындан жалпы 849,0 миллион доллар киреше таап, анын 302,4 млн долларын таза пайда катары көргөн. Натыйжада мамлекетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулду.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери “Кумтөр Голд Компанинин” алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет. Башкы каржы көзөмөл мекемеси өз муктаждыгына жараша алтынды андан ары эл аралык рынокко сатыкка чыгарып турат.

Буга чейинки отчётторго ылайык, 2021-жылы кенде 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын Кумтөргө ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

Өкмөт кенди толук колуна алган 2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG