Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Жазуучу Олжобай Шакирдин ишин башка судья карамай болду


Олжобай Шакир сотто. Архив.
Олжобай Шакир сотто. Архив.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) ишин карап жаткан Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев башка сотко которулуп жаткандыктан 26-февралдагы соттук отурум болбой калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирип, иш эми башка судьяга өткөрүп берилип, кайра башынан териштирүү башталарын айтты. Ишти кайсы судья карап баштайт азырынча белгисиз.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2024-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG