Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

11 журналисттин иши: Базарбеков шектүүлөрдүн айыбы жок болсо акталарын айтты


Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.
Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда камакка алынган журналисттер менен блогерлердин иши тууралуу комментарий берди. Ал 26-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында судьялардан бул иштерди акыйкат кароону талап кыларын, алардын күнөөсү далилденбесе, актала турганын айтты.

“Президент деле “эгерде күнөөлөрү далилденбесе, актагыла” деп атпайбы. Мен сөзүмдүн башында бир жылда 200дөн ашык киши акталганын айттым. Кармалган блогер, журналисттердин ишинде кылмыш аракеттери жок болсо, ошого жараша чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Бул мыйзамдын талабы. Өзүмдүн кесиптештериме алардын күнөөлөрү далилденбесе, адилет чечим кабыл алгыла деп талап кылат элем”, - деди ал.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG