Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Казакстанда кармалган каракалпак активисти башпаанек боюнча күбөлүк алганы кабарланды


Акылбек Муратов.
Акылбек Муратов.

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, Өзбекстандын өтүнүчү менен өткөн аптада Алматыда камакка алынган Акылбек Муратовго (Акылбек Муратбай) Казакстанда башпаанек сурап жаткан адам деген күбөлүк берилди. Бул тууралуу бүгүн 26-февралда «Азаттык» радиосунун казак кызматы активисттин бир тууганы Фариза Нарбекованын маалыматына таянып билдирди.

Алматынын Эмгек менен камсыздоону координациялоо жана социалдык программалар башкармалыгы берген күбөлүк, адвокаттын айтымында, 23-майга чейин жарактуу, зарыл болсо анын мөөнөтүн дагы үч айга узартса болот жана мындай документи бар кишини башка өлкөгө экстрадициялоого жол берилбеши керек.

Адвокат белгилегендей, бул документтин негизинде Муратовго качкын макамы ыйгарылышы мүмкүн. Ал боюнча чечимди прокуратуранын, Улуттук коопсуздук комитетинин жана башка тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия кабыл алат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 25-февралда каракалпак улутундагылардын укугун коргоо менен алектенип жүргөн Акылбек Муратовду тез арада боштууну талап кылды.

Өзбекстандын жараны, соңку 10 жылдан бери Казакстанда мыйзамдуу жашап келаткан 35 жаштагы активист Алматыда 15-февралда кармалып, эки күндөн кийин 40 суткага камакка алынган. Ал Х социалдык түйүнүндө ( мурдагы Twitter) орус жана англис тилдеринде Өзбекстандын Каракалпакстан аймагындагы окуялар, адам укуктарынын бузулушу тууралуу активдүү жазып, журналисттер жана эл аралык укук коргоо уюмдары үчүн маанилүү маалымат булактарынын бири болуп турган.

Өзбекстанда ага «жапырт башаламандыкка чакырган», «коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды жасоо, сактоо, жайылтуу» деген айыптар тагылып, иш козголгон. Бул үчүн ал жалпысынан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен. Буга чейин казак бийлиги алардын айрымдарына башпаанек берүүдөн баш тарткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG