Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:58

Раиси менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Бакыт Төрөбаев катышты  


Министрлер кабинети тараткан сүрөт.
Министрлер кабинети тараткан сүрөт.

Тик учак кырсыгында набыт болгон Ирандын президенти Эбрахим Раиси менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тегеранга президенттин тапшырмасы менен барган Төрөбаев Ирандын элине Кыргызстандын жетекчилигинин атынан көңүл айтты. 22-майда президент Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, элчи Голамхоссейн Ядегари менен жолугуп, көңүл айткан.

22-майда Тегеранда тик учак кырсыгында набыт болгон президент Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амира-Абдоллахян жана башка расмий адамдар менен коштошуу зыйнатына миңдеген адам чогулду.

Беш күндүк аза күтүү жарыялаган жогорку руханий лидер, аятолла Али Хаменеи Тегеран университетинде өткөн иш-чаранын башында турду.

Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Эбрахим Раиси баштаган Ирандын жогорку кызматтагы адамдары 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон, сөөктөр эртеси күнү табылган. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

Иранда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG