Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Өкмөт чет элдиктерге кол көтөргөндөрдү тарбиялай турганын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-майда Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп, чет өлкөлүк жарандарды сабагандарды сындады. Ал коомчулукту өлкөгө келген конокторго сый мамиле кылууга чакырды.

"Өзү 18-19 жашта болуп, пакистандыктарды сабай турган балдарды тарбиялайбыз. Алардын баарына оюна келгенди жасаттырбайбыз. Тартип баарыбызга бирдей болуп, мыйзам дегенди сыйлашыбыз керек. Келгендерди кудайдын коногундай тосуп алмайынча бизнести өнүктүрө албайбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Жапаров туризмди өнүктүрүүгө кошуна Өзбекстандын меймандостугун мисал кылды. Ал Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканын дагы кошумчалады.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып пакистандык студенттер сабалган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин билдирген. Чүй менен 7-апрель көчөсүнө топтолгондор таңга жуук тарап кеткен.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун 18-майда гана маалымдаган. 13-майда Египеттин жарандары менен мушташкан үч кыргызстандык, 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу сегиз киши кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен козголгон иш боюнча Египеттин төрт жаранын кармап, алар кийин үй камагына чыкты.(TSh)

XS
SM
MD
LG