Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан коло медал утуп, олимпиадага жолдомо алды


Эрлан Шеров машыктыруучусу менен.
Эрлан Шеров машыктыруучусу менен.

Дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медал утту. Ал 90 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыккан. Бул салмакта 50 балбан күрөштү.

Шеров мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгакы эки беттешин жеңип, бирок жарым финалда жапониялык балбан Тажима Гокиге утулду. Коло медал үчүн болгон беттеште ал италиялык балбан Кристиан Парлатини жеңип алды. Бул медалы менен Эрлан Шеров кыргыз дюздо тарыхындагы дүйнө чемпионатынан байге уткан алгачкы дзюдочу болуп калды.

Бул жеңиши менен Эрлан Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтындагы Париж олимпиадасына лицензия берилүүчү тизмеде 391 дзюдочунун ичинен 3974 упайы менен 9-орунга жайгашты. Аталган расмий сайт Шеров Париж олимпиадасына жолдомо утуп алганын жазган. Шеровдун жолдомо алганын "Азаттыкка" Кыргызстандын дзюдо федерциясы да тастыктады.

Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтындагы Париж олимпиадасына лицензия берилүүчү тизме. 23-май, 2024-жыл.
Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтындагы Париж олимпиадасына лицензия берилүүчү тизме. 23-май, 2024-жыл.

Эл аралык дзюдо федерациясы олимпиада оюндарына атайын рейтинг жарыялап, топтогон упайына жараша 21 дзюдочуга олимп оюндарына жолдомо берет. Андан сырткары сегиз дзюдочуга континенталдык квота ыйгарат.

Эрлан Шеровдон тышкары Кыргызстандык дагы бир дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да Париж олимпиадасына катышуу үчүн континенталдык квота алды. Ал 60 килограммга чейинки салмакта 485 дзюдочунун ичинен 2049 упай топтоп, 29-орунда жайгашкан.

Дзюдочу Эрлан Шеров былтыр Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн жайкы Азия оюндарында алтын медал уткан. Быйыл февраль айында Парижде өткөн "Чоң шлем" мелдешинде жана апрель айында өткөн Азия чемпионатында коло медаль уткан.

Ушул тапта Кыргызстанда Париж олимпиадасына 14 жолдомо бар.

Олимпиадага катышууга кыргызстандык балбандар - Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов жолдомо утуп алышса, марафондук жарыштан теги якутиялык, былтыртан бери Кыргызстандын атынан чыгып келе жаткан орусиялык жеңил атлет Сардана Трофимовага Эл аралык жеңил атлетика федерциясы олимпиадалык квота берген. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG