Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:20

Газада Израилдин жердеги жана аба соккуларынан дагы 35 жай тургун каза болгону кабарланды


Газа.
Газа.

Газада бүгүн 23-майда Израилдин жердеги жана аба соккуларынан дагы 35 палестин жай тургуну каза болгонун Reuters агенттиги сектордун ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Сектордун түштүгүндөгү Рафах шаарында израилдик аскерлердин ХАМАСтын согушкерлери менен кармашы уланганы, алар түштүк-чыгыш жакты көздөй жылып, батыштагы Йибна шаарына жакындашканы маалымдалды.

Муну менен катар Жабалия шаарында да, анын жанындагы Бейт-Ханунда чабуулдар активдүү уланууда.

Израилдин маалыматына караганда, шаршемби күнү үч аскер кызматкери набыт болду, былтыр октябрь айынан бери Газадагы кармашта бул өлкө ушуну менен 286 аскер кызматкеринен айрылды.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG