Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:54

Абактагы Аскат Жетиген УКМКда кыйноого кабылганын айтты


 Аскат Жетиген сотто. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген сотто. 23-май, 2024-жыл.

“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетиген март айында УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын сотто айтты.

Акындын адвокаты жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маселени Аскер прокуратурасы тергеп жатканын билдирди.

"Коюлган айыптарга макул эмесмин"

Свердлов райондук сотунда 23-майда өткөн отурумда Аскат Жетиген көрсөтмө берип, соттун, прокурордун жана адвокатынын суроолоруна жооп берди. Ал коюлган айыптарга макул эместигин, “бийликти басып алууга жана массалык башаламандыкка чакырык” жасабаганын айтты.

"Массалык башаламандык деп аталышы үчүн ал жерде элдин кандайдыр бир массасы болушу керек. Ал масса бийлик өкүлдөрү отурган кандайдыр бир мекеменин жанында болсо, мен бул айыптоого макул болмокмун. Бирок мен ал учурда үйүмдө болчумун, жанымда эч ким жок болчу, элдин тобу болгон эмес. Ошондуктан мен бул айыптоолорго караманча каршы турам", - деди ал.

Сотко катышып жаткан прокурор Аскат Жетигенден тарткан видеосунун максатын сурады. Акын өз видеосу менен "бийликтин жалган маалыматын элге ачыктагысы келгенин, маданий демилгелерди ишке ашыруу максатында президентке бир нече ирет кайрылганын, реакция болбогонунан улам ушул кадамга барганын" айтты.

Соттун сөгүнгөн сөздөр тууралуу берген суроосуна акын "сөгүнүүгө жаза катары айып салуу сыяктуу административдик чараларды колдонуу мыйзамда көрсөтүлгөн" деп жооп кайтарды.

Келерки сот 28-майга мерчемделип, анда тиешелүү эксперттер суралмай болду.

Абактагы акын Аскат Жетиген сотко даттанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

“Ток менен бир сааттай кыйнашты"

Отурумда Аскат Жетиген быйыл 20-мартта кайра кармалгандан кийин кыйноого кабылганын, бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын да билдирди.

"20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу", - деди Жетиген сот залында.

Акындын адвокаты Самат Матцаков бул билдирүү боюнча тиешелүү органдарга арыз берилип, экспертизалар дайындалганын "Азаттыкка" билдирди:

Самат Матцаков.
Самат Матцаков.

"Биз Башкы прокуратурага, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылдык. Кийин арыз Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Тергөөгө чейинки иликтөө жүрүп, анын негизинде медициналык жана психикалык экспертиза дайындалды. Азырынча алардын жыйынтыгы чыга элек".

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын, Жетиген арызында ток менен кыйноого кабылганын жазганын "Азаттыкка" билдирди.

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

"9-апрелде Бишкек шаардык Аскер прокуратурасына кат жөнөткөнбүз. Апрелдин ортосунан кийин арыз каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы жөнүндө жооп келген. Биздин кызматкерлер барып, 2-3 күн мурда эле таанышып келди. Денесинде эч кандай из жок. Аскат Жетиген арызында колун артка байлап, манжалардан ток өткөзгөн деп жатат”, - деди Рысбеков.

Жаза аткаруу кызматынын жообу

Камактагы акындын мындай дооматы боюнча Улуттук коопсуздук комитети комментарий бере элек. Жаза аткаруу кызматы 23-майдын түнү маалымат таратып, кыйноо тууралуу айтылгандарды четке какты. Мекеме ага Аскат Жетиген уулу жазды деген түшүнүк каттын көчүрмөсүн тиркеген:

"Маектешүү учурунда айыпталуучу Жетиген уулу Аскат ТИЗО-1де (Бишкектеги №1 тергөө абагы) кармалып турган мезгилде ага карата күч колдонуу жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берди. Анын жеке коопсуздугу жана ден соолугу боюнча кооптонуулары жок. Ошондой эле камактагыларга жана ТИЗО-1дин кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок экендигин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Жарандык активист Мукай Керимбаев "атайын кызмат мындайга барбай турганын" айтып, "эгер тастыкталса, ага катышы барлардын жоопкерчилиги каралышы керек" деген пикирде.

"Мен билгенден УКМКда андайга жол берилбейт. Эгер болгон болсо, буга чара көрүлүп, жоопкерчилиги каралышы керек. Эми мындай нерсе айтылгандан кийин ички тергөө жүрүп, тастыкталса катышы барлар тиешелүү жазасын алышы керек деп ойлойм".

"Камакка алынган алгачкы акын эмес"

Аскат Жетиген быйыл 15-мартта видео кайрылуу жолдоп, азыркы бийликте тургандарды ачуу сөздөр менен сындаган. Эртеси 16-мартта атайын кызмат аны кармап, 48 саатка камаган.

Акындын камалганына коомчулук катуу реакция жасап, коомдук жана маданий ишмерлер Жетигенди эркиндикке чыгарууну бийликтен суранган. 18-мартта Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Аскат Жетиген мунун алдында журналисттерге өзүнүн сөзүн кылмыш деп эсептебей турганын билдирген.

Арадан эки күн өтпөй, 20-мартта Улуттук коопсуздук комитети кылмыш ишин козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту Жетигенди атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына 19-майга чейин камакка алган.

Учурда ага“бийликти басып алууга чакырык жасоо” жана “Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренелери менен айып тагылган.

Аскат Жетиген пикирин ачык билдиргенден кийин кармалган чыгармачыл чөйрөдөгү биринчи адам эмес. 14-майда жазуучу жана публицист Олжобай Шакир ушул эле “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды.

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

Журналист Канышай Мамыркулова соңку кезде оюн эркин билдирген чыгармачыл адамдарга олуттуу айып коюлуп, камалып жатканын айтып, муну сөз эркиндигине кысым катары баалады:

"Азыр сот деле, прокурор деле коюлган айыптын туура эмес экенин түшүнүп турушат. Бул акылга сыйбаган нерсе. Олжобай Шакирге 5 жыл берүү да мүмкүн эмес болчу. Буга окшогон акылсыз окуялар кайталанып, улана берсе, аягы жакшы болбойт".

Абакта жазылган ырлар

"Азаттык" радиосуна Аскат Жетигендин абакта жазган ырлары келип түштү.

***

Калкыма түшкөн каран күн!

Камактагы "карантин",

Төрт тарабың төрт дубал,

Төбөлгө жетпес кайран үн!

Табышмак болду табылбас,

Таасириң кыргыз Жараткан!

Өзгө элди көрсөм арданам,

Өнүгүп-өсүп бараткан!

Карааны тоодой Эл элек!

Каптасак жоону сел элек!

Чар тарабы төп келген,

Чайпалбас, соолбос Көл элек!

Тарыхы алтын тамгадай,

Дүбүртү ташкын дайрадай,

Түркүгү элек дүйнөнүн!

Дооронду сүргөн шайма-шай.

Аскат Жетигендин ыры
Аскат Жетигендин ыры

***

Кабылан сүрдүү кыргызым!

Караңгы күнгө туш болдуң,

Канатың артка кайрылып,

Капаска түшкөн куш болдуң.

Кагылайын кыргызым!!!

Калкыңдын күнүн батырба,

Каапырдын алгын кайратын,

Кубат бер Элдик Баатырга!

Абайлап алды-артыңды,

Аздекте ата салтыңды!

Айкөлдөн калган аманат,

Арстаным Кыргыз барсыңбы? (30.04.24 СИЗО-1)

Аскат Жетигендин ыры
Аскат Жетигендин ыры

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концерттик кечелерин өткөргөн. "Фолк-н-ролл" жанрынын негиздөөчүсү. Ырчы-обончунун айрыкча “Зарыкканда”, "Кусалык", "Кыргызым" деп аталган ырлары менен белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. Акыркы ирет 2024-жылдын 15-мартында кайрылуу жасап, бийликти каарып-сөккөн билдирүүлөрүн жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG