Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Кемпир-Абад иши: Адвокаттар кысымга кабылганы айтылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар сот жараянында. Архив
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар сот жараянында. Архив

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткандар алардын жактоочуларына судья жана күч органдары тарабынан басым болуп жатканын айтып чыгышты.

Бишкектин Биринчи Май сотунда “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган соттук териштирүү жүрүүдө. Соттун өтө тездик менен аптасына үч ирет өтүп жатышы да талкуу жаратууда.

Ден соолугу начарлаган Дүйшөбаевдин үй камагы

“Кемпир-Абад иши” деген ат менен коомчулукка белгилүү болуп, азыр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча 25 адам айыпталууда.

Алар 2022-жылы октябрь айында Бишкектеги коомдук тамактануучу жайга чогулуп, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштерин талкуулаганы үчүн камакка алынган.

Ошол бир жарым жылдан берки убакытта камактагылар ар кандай жүйө менен үй камагына чыгып отуруп, учурда алардын сегизи абакта калды. 21-майда 25 адамдын бири - Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу тилкат менен үй камагына чыкты.

14-майда Кеңешбек Дүйшөбаевди конвойлор сот залына көтөрүп келишкен. Жактоочусу Акын Авазбеков Дүйшөбаевдин ден соолугу солгундап, кан басымы көтөрүлүп жатканын 15-майдагы отурумда айтып, аны үй камагына чыгарууну соттон суранган болчу.

Соттун ыкчамдатылышы

Айыпталып жаткандардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова “Азаттыкка” соттун өтө тездик менен өтүп жатышына сот жараянынын башталганына июнда бир жыл толорун, эгер ага чейин судья өкүм чыгарып үлгүрүп калбаса камакта калган сегиз жаранды үй камагына бошотууга аргасыз болору менен түшүндүрдү:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

“Биздики саясий иш болуп жатпайбы. Биздин иш сегиз ай жүргөн тергөөдөн кийин 2023-жылы 15-июнда сотко өткөн. Мыйзамга ылайык айыпталуучу тергөө абагында бир жылдан ашык отурбашы керек. Эгер бир жылдын ичинде айыпталуучулардын күнөөсү сот залынан далилденбесе, анда судья аларды бошотууга тийиш. Ошондуктан Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, азыр камакта жаткан сегиз жаран 15-июнда үй камагына чыгарылышы керек. Ошол себептенби – мына сот иши ыкчамдык менен аптасына үч ирет – шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү өтүп жатат. Биздин – айыпталып жаткан 27 адамдын бардык жактоочуларынын башка сот процесстеринин бардыгы кийинкиге жылдырылып, ооруп жатканына карабай адвокаттарды да, айыпталуучуларды да сотко мажбурлап катыштырышууда. Анткени, 15-июнга чейин үй камагына чыккандар эгер сот айыптуу деп тапса, кайра камакка отуруп калышыбыз ыктымал. Анын үстүнө соттун акыйкаттыгына, мыйзамдуулугуна Олжобай Шакирге чыккан өкүмдөн кийин ишенүү кыйындап калды, баарыбыз эле өзүбүздү күрөшкө даярдап отурабыз”.

Айыпталуучу абакта канча кармалат?

Кайсы бир кылмышка шектелип, кармалган адам тергөө абагында канча убакыт жатышы керек деген маселе соңку убакта талаш-тартыштын бутасы болуп келатат. 8-майда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова менен башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева айыпталып жаткан адам тергөө изоляторунда канча убакыт кармалышы керек деген маселе боюнча талаша кетишкен.

Гуля Кожокулова Кылмыш-процессуалдык кодексинин 115-беренесине ылайык кылмышка шектелген жаран бир жылдан ашык камалбашы керектигин, бул мөөнөт өткөндө судья анын бөгөт чарасын камактан башка түргө алмаштырышы зарыл деген пикирин айткан. Буга макул болбогон прокурор Үмүткан Конкубаева бир жылдык мөөнөт сот жараяны жүрүп жаткан убакта судья тарабынан узартылса болот деген пикирин айткан.

Депутат Исхак Масалиев 22-майда Жогорку Кеңешке жылдык доклады менен келген акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага да бул маселеде адам укугу бузулуп жатканын айтып, суроо узатты:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Акыйкатчы катары мага түшүндүрүп бериңизчи, мыйзамда “айыпталуучу бир жылдан ашык тергөө абагында отурбасын” деген талап бар. Тилекке каршы, бүгүн бизде ал мөөнөттөн ашык отурган жарандарыбыз көп болуп жатат. Ошондуктан сиз омбудсмен катары биздин жарандарыбыз бир жылдан ашык отурушуна каршы күрөшүшүңүз керек. Мына, Кемпир-Абад иши боюнча бир жарым жылдан бери отурушат. Бир жарым жылдан бери отурушат! Ары же бери кылып бүтүрүш керек да!”

Омбудсмен Жамиля Жаманбаева карама-каршылыктуу норма кодексте жазылып калганын айтып, абакта жаткандардын бир жылдан ашык кармалышында мыйзам бузуу жок деген пикирин билдирди:

“Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык сот караган мөөнөт бир жылдан ашпаш керек. Сот аны өзү чечет. Мыйзам боюнча ошондой болуп жатат. Анткени иш сотко түшкөндөн кийин бөгөт чарасын өзгөртүүнү, жокко чыгарууну сот өзү эле чечет”.

Жактоочуларга кысым

Ал арада 22-майда “кемпирабадчылар” Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарына, Европа Кеңешинин, АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын Кыргызстандагы элчилерине, эл аралык жана Кыргызстандын укук коргоо уюмдарына кайрылуу жолдоп, алардын жактоочулары Эркин Булекбаев, Эркин Саданбеков, Акин Токталиев, Жаныш Бараков, Акылбек Абазбеков, Асель Аргымбаева, Чынара Жакупбекова, Бакыт Автандил, Рабига Садыкова, Кантемир Турдашев, Акынбек Ногоев жана Мунарбек Супатаевге басым болуп жатканын айтып, кайрылуу жасашты.

"Марат Сыдыков жабык сот аркылуу прокурорлор менен бирге айыпталуучулардын укуктарын системалуу түрдө бузганы аз келгенсип, соттун жабыктыгынан пайдаланып, биздин адвокаттарыбыздын Конституцияда, эл аралык конвенцияларда, мыйзамдарда каралган жүйөлүү себептер менен сотко келбей калуу укуктарын бузу жатат".

Кайрылууда Акин Токталиевди “адвокаттык лицензиясы жараксыз” деген жүйө менен сотко катыштырбай, Э.Булекбаев, А.Абазбеков, Э.Саданбековдун адвокаттык лицензияларын эч кандай негизсиз чакыртып алууга аракет болуп жатканы, “жактоочулардын сот жараянына келишин УКМК көзөмөлдөй баштаганы” айтылган.

Ошондон улам ооруп жаткан жактоочулар Э. Саданбеков менен К. Турдалиев сотко күч менен алып келинген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Э. Булекбаевди “аңгемелешүүгө” чакырган. “Муну менен бизге мамлекеттик адвокаттар таңууланып, бизди квалификациялуу укуктук жардам алуудан, Конституцияда каралган адвокатты тандоо укугубуздан ажыратышууда”, муну биз биздин адвокаттарыбызга басым жана мурда болуп көрбөгөнөй кугунтуктун прецеденти катары баалайбыз” деп айтылат А.Бекназаров, Р.Жеенбеков, А.Акматов, М.Баязов, Т.Махмудов, А.Бузурманкулов, Ж.Молдокматов, И.Сарылдак уулу кол койгон кайрылууда.

Жабык сот жана президенттин пикири

“Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталып жаткандар буга чейинки кайрылууларында соттун ачык өтүшүн талап кылышкан болчу. 2023-жылдын ноябрында өткөн экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров соттун жабык өтүп жатышына айрым айыпталуучулар четтен каражат алып келгенин, ал маалыматтар ачыкка чыкпашы үчүн жараян жабык форматта каралып жатканын айткан. Бул пикирге айыпталып жаткандар макул эместигин билдиришкен болчу.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын тактоо маалында Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жердин Өзбекстанга өтүп жатканына туура эмес чечим деген 27 саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттер 2022-жылы октябрда тобу менен камакка алынган болчу. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр бул кылмыш ишин “саясий куугунтук” катары баалап келет. Соттук жараяндар 2023-жылдын июнь айынан бери жабык өтүүдө.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары ар түрдүү жүйө менен, мисалы, Бектур Асанов менен Кеңешбек Дүйшөбаев ден соолуктары кескин начарлаганы үчүн үй камагына чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG