Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

18-майга караган түнү чет элдиктер жашаган жети жайга кол салуу болгон


18-майга караган түнү Чүйдүн Аламүдүн айылындагы тигүү цехинде болгон окуя.
18-майга караган түнү Чүйдүн Аламүдүн айылындагы тигүү цехинде болгон окуя.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси Бакыт Сеитов Бишкекте 13-18-майга караган түндөрү болгон окуялар жана козголгон кылмыш иштери боюнча “Азаттыкка” маалымат берди.

Анын сөзүнө караганда, 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 11 кылмыш ишин козгоду. Бул окуялардан 49 киши жабыркаган. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатаканаларга жана мейманкаларга кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган.

Андан тышкары ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, 14 жабырлануучу аныкталган. Беш киши кылмышка шек саналып кармалды.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол күнү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бакыт Сеитов Бишкек менен Чүйдө болгон окуялар Ички иштер министринин көзөмөлүндө экенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буга чейин Бишкекте жана Чүйдүн бир айылында 18-майга караган түнү болгон окуяга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG