Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Иран президенти Раисинин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди


Иран.
Иран.

Иранда бүгүн 23-майда президент Эбрахим Раисини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Эртең менен өлкөнүн чыгышындагы Бирдженд шаарында кара кийинген миңдеген киши президенттин жана аны менен чогуу баратып тик учак кырсыгында каза болгон жетекчилердин сүрөттөрүн колуна кармап, жүрүш өткөрүштү.

Раисинин Ирандын мамлекеттик туусуна оролгон табыты андан ары өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарына жеткирилип, Реза имамынын мавзолейинде жерге берилди.

Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын сөөгү ушул эле күнү Тегерандын түндүк тарабындагы Рей шаарына көмүлдү.

22-майда Тегеранда коштошуу иш-чарасы Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусу менен өткөн. Ага Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ирактын өкмөт башчысы Мухаммед Шиа ас-Судани, Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Мутакки, Орусиянын парламент төрагасы Вячеслав Володин катышкан.

Раиси менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барып катышты. Тегеранга президенттин тапшырмасы менен барган Төрөбаев Ирандын элине Кыргызстандын атынан көңүл айтты. 22-майда президент Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, элчи Голамхоссейн Ядегари менен жолугуп, көңүл айткан.

20-майда Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Коштошуу иш-чарасы 21-майда Тебриз шаарында, кырсык болгон Чыгыш Азербайжан провинциясынын борборунда башталган.

Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген. Аны парламент төрагасынан, сот бийлигинин башчысынан жана биринчи вице-президенттен турган кеңеш уюштурат.

Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан аман калгандар жок экени 20-майда расмий кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG