Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсиянын эң аз өлчөмүн 6900 сомго чыгаруу эки баскыч менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 23-майда журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, учурда өлкөдө айына 1-2 миң сомдон алган пенсионерлер бар.

"1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сомго чыгарылып, теңделет да, жыйынтыгында 1-июлдан тартып Кыргызстанда 3 500 сомдон кем пенсия болбойт. Ал эми 1-октябрдан тартып өлкөдө пенсия 6 900 сомдон кем болбойт. 1-октябрдан тартып, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% көбөйөт. Демек, пенсионерлердин пенсиясына миң сомдон кем эмес акча кошулат", - деди ал.

Бактияр Алиев эң төмөнкү пенсияны жашоо минимумуна теңөө үчүн үч жылда бюджетке кошумча 60 млрд сом табууга туура келгенин белгилеп, мындан ары жыл сайын пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунан кем эмес деңгээлге көтөрүлүп турарын айтты.

Соцфонддун быйыл 1-майдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Алардын 400ү айына 50 миң сомдон көп пенсия алат. Эң аз пенсия 1500 сомдун тегерегинде. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9170 сом. Соцфонддун эсебинде 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787 миңге жетет деп болжолдонууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген.

2021-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо киргизилген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өкмөт Конституциядагы жашоо минимуму боюнча норманы аткарбай жатканын айтып, Министрлер кабинетин сындап келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жаткан себебин өкмөттүн алына, өлкөдөгү экономикалык шартка байланыштырган. Конституциядагы бул норма боюнча Министрлер кабинети Конституциялык сотко кайрылган.

Конституциялык сот беренедеги бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбайт, ал максат деп чечмелеп берген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG