Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Улуу Британияда Өкүлдөр палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды


Риши Сунак.
Риши Сунак.

Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак британ парламентинин Өкүлдөр палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоонун датасын жарыялады. Шайлоо 4-июлда өтөт.

Өлкөнүн премьери жана консерваторлордун лидери шайлоочуларды экономикалык туруктуулукка коркунуч жаратпоого чакырып, кайрадан аталган партияны колдоону өтүндү.

Сурамжылоолорго жана жакында өткөн жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгына таянган талдоочулардын көбү бул жолу 14 жылдан бери оппозицияда болуп келаткан лейбористтер алдыга чыгат деп болжолдоп жатышат.

Британ мыйзамдарына ылайык, шайлоо 2025-жылдын январынан калбай уюштурулушу керек болчу. Бул маселе көпкө талкууланып, натыйжада Сунак падыша Чарльз IIIдөн парламентти таркатууну өтүндү. Падыша макул болуп, парламент 30-майда расмий тарамай болду.

2019-жылы өткөн шайлоодо Борис Жонсон жетектеген консерваторлор ишенимдүү жеңишке жетишкен. Алар Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун расмийлештирүү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алууга жетишкен. COVID-19 пандемиясындагы өкмөттүн талаштуу аракеттери, бир катар жаңжалдар жана экономикалык көйгөйлөр консерваторлордун популярдуулугунун төмөндөшүнө алып келди. Өкмөттүн башында Жонсондун ордуна Лиз Трасс, андан кийин Трасстын ордуна Сунак шайланган. Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, азыркы тапта Кейр Стармер жетектеген лейбористтер алдыда турат.

Улуу Британиянын мыйзамдарына ылайык, шайлоо мажоритардык системанын негизинде уюштурулат. 325тен көп округда талапкерлери жеңишке жетишкен партия утту деп эсептелет. Бул жолу лейбористтер 400дөн ашык орунга ээ болушу ыктымалдыгы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG