Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Көлбаевдин туугандары “адам уурдоого” шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаарында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) Ж.Э.А. жана Ж.С.А. аттуу туугандары “адам урдоо” фактысына шек саналып кармалганын билдирди. Алардын ичинен Ж.Э.А. атайын кызматтын Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.

Атайын кызматтын кабарлашынча, алар жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын күч колдонуп белгисиз жерде кармап турушкан. УКМК “шектүүлөр кримтөбөлдүн таасиринен пайдаланган” деп кошумчалады.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн башчысы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кримтөбөлдүн өлүмүнөн кийин кыркка жакын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы кабарланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилип, камалган. Кийин Тилек Матраимов эркиндикке чыккан.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG