Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Норвегия орусиялыктарга карата визалык чектөөсүн күчөттү


Орусия-Норвегия чек арасы.
Орусия-Норвегия чек арасы.

Норвегиянын өкмөтү орус жарандарынын бул өлкөгө турист катары кирүүсүн татаалдаткан кошумча чечим кабыл алды. Бул тууралуу 22-майда юстиция жана өзгөчө кырдаалдар министри Эмили Энгер Мел билдирди.

"Кирүү эрежелерин катаалдаштыруу чечимибиз Орусиянын Украинага каршы мыйзамсыз согушуна союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен бирге каршы туруу багытыбызга ылайык келет", - деди министр.

Жаңы эреже 29-майдан тартып иштейт. Ага ылайык, полиция тышкы чек арадан өткөн, башкача айтканда, Шенгенге кирген башка кайсы бир өлкө аркылуу кирүүгө аракет кылган орусиялык жарандарды киргизбей коё алат.

Уруксат кээ бир учурларда гана, мисалы, Норвегияда жашаган жакын туугандарына бараткандарга, Норвегияда же башка Шенген өлкөлөрүндө иштеген же окуган орусиялыктарга берилет.

Норвегия өкмөтү орусиялыктардын өлкөгө кирүүсүн 2022-жылдын жазында катаалдатып, аларга виза берүүнү токтоткон.

Украин президенти Владимир Зеленский былтыр декабрда Ослого барганда дрон учурган киши соттолуп жатканын Норвегия өкмөтү кабарлаган.

2022-жылдын күзүндө бир нече орусиялык бул өлкөнүн аймагында дрон менен видео тартып жатканы үчүн кармалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG