Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:47

Орусияда согушту айыптаган кыздын абак мөөнөтү узартылды


Дарья Козырева.
Дарья Козырева.

Орусияда «орус армиясын кайрадан жаманатты кылды» деген шек менен кармалган 18 жаштагы активист кыздын тергөө абагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Санкт-Петербург шаарынын Петроград райондук сотунун 22-майдагы чечимине ылайык, Дарья Козырева кеминде 25-июлга чейин камакта болот.

Козыреваны быйыл 24-февралда ал Орусия Украинага каршы согуш баштаганынын экинчи жылдыгына карата белгилүү украиналык жазуучу, акын жана ойчул Тарас Шевченконун эстелигине анын чыгармасынан үзүндү чаптаганда кармап кетишкен. Полиция чапталган плакатты чыгара албай, үстүн кара желим баштык менен жаап коюуга мажбур болгон.

Активист кызга ага чейин, январь айында «вандализм» деген айып тагылган. Буга Козырева Санк-Петербургдун Украинанын Орусия талкалап, ээлеп алган Мариупол шаары менен достугун даңазалаган көркөм инсталляцияга комментарий жазганы себеп болгон. Бул иш боюнча тергөө өзүнчө уланууда.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды жазалоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.

2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» быйыл март айында жазган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG