Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:45

Орус армиясынын Украинадагы кылмыштары тууралуу жазган документалист соттолду


Всеволод Королев.
Всеволод Королев.

Орусияда документалист режиссер Украинадагы согуш тууралуу жазгандары үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. 20-мартта Петербург шаарынын Выборг райондук соту Всеволод Королевду орус армиясы тууралуу «фейк» маалымат тараткан деп соттоду. Прокурор аны 9 жылга камоону өтүнгөн.

Королевду 2022-жылы июль айында кармап кетишкен. Тергөөчүлөр аны ошол жылдын жазында "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө орус армиясынын Украинанын Донецк, Буча жана Бородянка аймактарындагы иштери тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат тараткан деп айыпташкан.

Документалист посттордун автору экенин танган эмес, бирок айып негизсиз тагылып жатканын билдирген.

Сотто сурак берип жатып Королев окурмандар Орусиянын Коргоо министрлиги таратып жаткан расмий кабарлардан тышкары башка да, альтернативдүү маалымат бар экенин билиши керектигин айткан. Ал маалыматты ачык булактардан алып же окуянын катышуучуларынын айткандарына таянып жазганын кошумчалаган.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды жазалоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.

2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» жазды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG