Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Мурдагы вице-премьер Шадиевге таандык болгон "Баткен комфорт" базары сатыкка коюлат


Мамлекеттик мүлк агенттиги экс-депутат Аскарбек Шадиевге таандык делип, кийин мамлекетке өткөрүлгөн "Баткен комфорт" базарын сатуу үчүн электрондук аукцион жүргүзөт.

Курулуш материалдары сатылган "Баткен комфорт" базары 2,9 гектар жерде жайгашкан.

Обьектинин баштапкы баасы 422 млн 776 миң сом.

Аукцион 29-майда саат 10:00до auctionetp.gov.kg. порталында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн аталган порталга катталып, электрондук арызды тиешелүү документтерди тиркеп, толтуруу зарыл. Ошондой эле мүлктүн баштапкы баасынын 10% өлчөмү кепилдик төлөм катары төлөнүшү керек.

2023-жылы ноябрь айында атайын кызмат “Баткен Комфорт” базарынын ишмердигинен финансылык мыйзам бузууларды тапканын жарыялап, бир нече жетекчисин камакка алган. Кийинчерээк базардын юридикалык ээси болгон “Бишкек жүк ташуу автотранспорт ишканасы” жабык акционердик коомунун 64,38% көзөмөл пакети мамлекетке өткөнү кабарланган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге ага чейин да кылмыш иши козголуп, соттолгон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Шадиевге кылмыш ишинин козголушу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Шадиев 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, андан ары АКШга чыгып кеткени белгилүү болгон.

2021-жылы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиевге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын маалымдаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG