Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:56

Таласта 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталып, иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Чыңгыз Айтматов районунда 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз кызматы 23-майда билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдүн боюнда бар экенин милицияга мектептин мугалимдери кабарлаган. Ошондой эле кыздын апасы да милицияга арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздын 26 жумалык боюнда бар экени такталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча Айтматов районунун 31 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG