Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Акылбек Жапаров жакырчылык менен күрөш жүрүп жатканын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү элдин бакубаттуулугун жогорулатуунун үстүндө иштөөнү улантып жатканын белгиледи. Өкмөт башчы бул тууралуу 23-майда “Финтех жана туруктуу өнүгүү: Каржынын келечеги” аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда билдирди.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүү траекториясына киргенин, өлкөдө жаңы ишканалар ачылып, тышкы соода өсүп жатканын айтты. Ал жакында эле Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан быйыл "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге өткөнү кубандырганын, эмки милдет - кийинки баскычка көтөрүлүү болорун билдирди.

“Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча биз кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыктык. Биздин жан башына номиналдуу ИДП бүгүнкү күндө 2 миң АКШ долларын түзөт, ал эми паритет боюнча 6,5 миң доллардын тегерегинде. Биздин алдыбызда чоң иштер турат. Биздин өлкө адамдык капиталга да, жаратылыш ресурстарына да бай. Биз негизги транспорттук жана геологиялык түйүндөрдүн кесилишинде жайгашканбыз. Бизде эң сонун климаттык шарттар бар. Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун өзүнө алды” - деди ал.

Акылбек Жапаров акча которуулардагы банктык комиссияны кыскартуу зарылдыгын айтып, ошондой эле банктарга бирдиктүү банкомат структурасын түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, Улуттук банк жана коммерциялык банктарды эсептик ченди төмөндөтүүнү тездетүүнү тапшырды.

Эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингде Кыргызстан быйыл дагы “В3” категориясында калды. Бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн эми “туруктуу” деген деңгээлге өттү.

Moody’s уюму өлкөлөрдүн насыяны кайтаруу жөндөмү боюнча рейтингинде 152 өлкө талданган. Кыргызстанды 2014-жылдан бери кошуп келет. Рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан менен Тажикстан “В3”, Казакстан “Ваа2” жана Өзбекстан “Ва3” деңгээлинде турат. Кыргызстан 2015-жылдан 2020-жылга чейин “В2” категориясында, тагыраагы, азыркыдан бир тепкичке жогору туруп келген.

Moody’s агенттиги Украинадагы кырдаалдан улам жаралган оош-кыйыштарга жана орус экономикасына тыгыз байланышта экендигине карабай Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун көрсөтүп жатканын белгилейт.

Рейтингге карасак, “В3” категориясында Кыргызстан менен катар Ангола, Барбадос, Босния жана Герцеговина, Конго, Кения, Молдова, Монголия, Тажикстан, Того, Уганда өңдүү өлкөлөр бар.

Насыя рейтинги эң жогору же “Ааа” категориясына кирген өлкөлөр – Австралия, Канада, Дания, Германия, Люксембург, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Норвегия, Сингапур, Швеция жана Швейцария.

Ал эми эң төмөнкү рейтингдеги “С” категориясында Беларус, Ливия, Венесуэла, Замбия, Украина, Шри-Ланка, Гана жана Аргентина турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG