Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Аскат Жетиген УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын билдирди


Аскат Жетиген. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген. 23-май, 2024-жыл.

“Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып жаткан акын Аскат Жетиген сотто көрсөтмө берип, 20-мартта кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин шаардык бөлүмүнүн жер төлөөсүндө аны күч кызматкерлери кыйноого алганын билдирди. Ал бул боюнча Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айтты.

"20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу", - деди Аскат Жетиген.

Азырынча Улуттук коопсуздук комитети же Жаза аткаруу кызматы Аскат Жетигендин билдирүүсүнө жооп бере элек.

Акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо Свердлов райондук сотунда уланды. Анда акын көрсөтмө берип, коюлган айыптарга макул эместигин билдирди. Кийинки отурум 28-майда белгиленди.

Акын 20-мартта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 8-майдагы алдын ала соттук угууда анын камактагы мөөнөтү 8-июлга чейин узартылган. Алгачкы соттук отурум 14-майда өтүп, айыптоо актысы 22-майда окулган.

Аскат Жетигенге 2024-жылы 15-мартта Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иши козголгон.

УКМК аны 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик Аскат Жетигенге карата иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына 19-майга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу") менен козголгон.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (NbA/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG