Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Кыргызстанда пенсия курагы өзгөрүүсүз калды


Чоң-Алайлык карыялар. Иллюстрациялык сүрөт.
Чоң-Алайлык карыялар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш бойдон калды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 23-майда маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, учурда Кыргызстанда жашы 80ден ашкан 60 миң адам бар, 2002-жылы алардын саны 2500 гана болчу.

Бактияр Алиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, пенсиянын топтомо фондундагы каражат тууралуу да маалымат берди. Ага ылайык, учурда Пенсиялык топтомо фондунда 44 млрд сом бар, анын 85% мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган. 15% коммерциялык банктарга депозит катары берилген.

Социалдык фонд 2023-жылдын аягында жалпы суммасы 800 млн сомго жакын пенсиянын топтомо бөлүгү 4 миңдей адамга берилгенин кабарлаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG