Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Зеленский авиабомба Орусиянын негизги куралына айланганын айтты


Украина.
Украина.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия Украинанын энергетика инфраструктурасын талкалоо үчүн колдонуп, шаар-кыштактарга сокку уруп жаткан башкарылуучу бомбаларга каршы туруу үчүн өлкөнүн коргонуу системасын модернизациялоо керектигин айтты.

22-майдагы билдирүүсүндө ал абадан коргонуу системасынын ишин жакшыртуу маселеси курал-жарак өндүрүү жана Орусиянын башкарылуучу авиабомбаларына каршы туруу боюнча атайын кеңешмеде талкууланганын билдирди:

«Орусиялык жан алгычтар Часов Ярда, Покров багытында жана Харьков облусунун Липцы районунда, башка да кармаш жүрүп жаткан жерлерде башкарылуучу авиабомбаларды активдүү колдонуп жатышат. Мунун баары абадан коргонуу системасына, коргонуунун кошумча каражаттарына болгон муктаждыкты жогорулатууда. Бул татаал маселе. Радиоэлектрондук кармаш, учкучсуз учактар жана ракеталык программа тармагында айрым жакшы прогресс байкалып жатканы менен орусиялык бомбаларга каршы туруу үчүн дагы көп иштер жасалышы керек».

Зеленский Орусиянын бомбаларын «орус террорунун жана оккупантардын басып кирүүсүнүн негизги инструменти» деп атап, Украинага аскерлерин жана шаар-кыштактарын коргоого жөндөмдүү система, тактика зарылдыгын кошумчалады.

Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу согуш ачкан Орусия соңку кезде көбүрөөк Харьков облусун бутага алууда.

23-майдагы маалыматка караганда кечээтен бери Орусия кеминде 15 жолу сокку урганын, алты кишинин өмүрү кыйылганын, дагы он чакты киши жарадар экенин Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG